Баары жакшы чоңойду,
Эл деп согуп жүрөгү,
Эр жетти эңсен чоң жолду.
Тукеш абанын балдары,
Алддыга коюп максатты,
Эрезеге жетип уландар.
Эл башкарып тың чыкты.
Бири иштеп акимиятта,
Бири иштеп мер тарапта.
Дагы бирөө кызматта,
Такыр чоочсун аймакта.
Дагы бири жөнөкөй,
Карапайым кызматта.
Бирок баары жөнөкөй,
Калк кызматын аткарат.
Байлык деп жутунбайт,
Кадырлуу элге алынып,
Калың элин урматтайт.
Аганын белдүү балдары,
Журт жумушун тейледи.
Караан болуп эл башкарып,
Калкына сиңген эмгеги.
Жети бала ичинен,
Тыңы болчу Чыныбек.
Ар дайыма жүрүүчү,
Эл максатын бекемдеп.
Окууну да жакшы бүтүп,
Аркалап журт кызматында.
Калкына сиңип эмгеги,
Карааны чыкты алдыгы.
Карааны күчтүү замана
Органда иштеп жашынан,
Кызматынан көтөрүлдү.
Өз ишин так аткарып
Бар эле укмуш жөндөмү.
Эл ичинде кызмат кылып,
Журтту сүрөп алдыга.
Жаштардан кыраан чыгып,
Жалыны жанган замана.
Сөзү десе сөзү бар,
Иши десе иши бар,
Жалындуу кайрат күч менен
Жаштар өскөн замана.
Жеп ичкич менен алышып,
Эл ичинен жаштар чыкты.
Кээде өмүр, кээде өлүм,
Далайы менен алышты.
Даңазасы кеткен алыска,
Дайны күчтүү замана.
Эл деген жалгыз эмес,
Өмүрүн улайт алдыга.
Баардык журтка бел болуп,
Баатырлар чыккан замана.
Баатырлар чыкса алдыга,
Байып калган замана.
Киши өлтүргүч жаныңда,
Кээде өлүм бет келет.
Душман эгер күчтүү болсо,
Бат эле жеңип кетет.
Киши өлтүргүч адамдар,
Алтынга карай жутунган.
Байлыкка кол сунган.
Эл байлыгын баатырлар,
Коргоого улам умтулган.
Душман деген кан соргуч,
Оңой менен алдырбайт,
Автомат бар колунда,
Ал да катуу кармашат.
Дал ушундай кармашууда,
Оңой менен алдырбады.
Нечендеген жеп ичкичти,
Колу-бутун бек байлады.
Кылт этсе эле өмүр кетет,
Жашоо бүтүп калбайбы.
Өмүр менен коштошуу,
Өкүнүчкө жатпайбы.
Эл менен өмүр сүрүп,
Өлбөстөр жашайт арада,
Өлүмдөн такыр көркпөгон,
Баатыры бар замана.
Тартынган жок Чыныбек,
Канкорлор менен кармашты.
Өмүр жолун аркалап,
Анткен менен тың чыкты.
Калктын сактап тынчтыгын,
Канкорлор менен кармашты.
« Өлсөм өлүп калайын,
Өлүмгө тике барайын.
Элим үчүн, чындык үчүн,
Журтка жанды арнайын».
Коркунуч чоң кармашта,
Душман ага тике барды.
Азап келет бери жылып,
Ажал ага жакындады.
Тартынбас кыраан баатырды,
Канкорлор келип кол салды.
Ажал деген ажал экен,
Азапка өмүр чырмалды.
Куу жыгач деген ажал экен,
Куруп калган замана.
Чыныбек каза болгондо,
Күн бүркөлүп жамгыр жаады.
Эми бир кайра келбейт го
Энелер көзүн жаштады.
Кайың ыйлап, тал ыйлап,
Карган жандын баары ыйлап,
Эмчектеги бала ыйлап,
Алган жары ал ыйлап.
Баатыр уулун жоготуп,
Достор көзүн жаштады.
« Атаке!» деп улам ыйлап,
Алсыз калды балдары.
Өлүм деген өлүм экен,
Кеткен келбейт артына.
Бир уланын жоготуп,
Капага батты замана.
Ак эмгеги кала берди,
Баян болуп артына.
Баардык кезде унутулбас,
Баатыры бар замана.
Жамандыкка баш ийбес,
Жарыгы күчтүү замана.
Биринчи чыккан генерал,
Беккулу ыйык атадан.
Дайны журткңа айтылган,
Даңкы күчтүү замана.
Айланган тоонун бүркүтү,
Абалап учат асманда.
Атагы элге айтылып,
Аты калган замана.
Карарган тоонун шумкары,
Кайрылып учат асманда.
Дайындуу ушул баатырдын
Даңкы калган замана.
Тукеш уулу Чыныбек,
Белгилүү болуп бүт элге.
Атпай журтка айтылып,
Аты калган замана.
Кең пейилдүү эр жигитке,
Генерал деген улуу наамды
Эли сыйлап баласына,
Ыйгарып өткөн замана.
Эли уулун жоготпой,
Чыгарсын атын жалпыга.
«Эрдикте жашап өткөн» деп,
Эскере жүргөн замана.
Баатырын дайым эскерип,
Кыргыз эли аман болсун.
Эл намызын коргогон,
Чыныбектей чеп болгон
Баатырлар чыксын обологон,
Элибиз жылат алдыга,
Чыныбектей баатыр барда,
Аттанып алыс сапарга,
Кыргыз эли жоголбойт.
Журттун даңкы оболойт.
Эл деген эл экен,
Сапары алыс кеткен экен.
Гүлдөй берип замана
Гүлүн чачсын замана.
Оболосун кыргыз жолу,
Ой, замана, замана.
Ой, замана. замана.
***
ЖАШТАР ҮЧҮН ОБОНДУУ ЫРЛАР
Хор
Көңдөй жердин элесине кагылгам,
Ата-бабам көчүп келип жай алган.
Жибитесиң жүрөгүмдүн жалынын,
Жипсиз сага өмүр боюу байлангам.