Кайырма:
Даңктуу кыргыз элибиз,
Темир-Канат жерибиз.
Кан жаныбыз туулган жер,
Канат кага алгалай беребиз.
Айдыңданган далай жерди кыдыргам,
Алыс жакка сапар тартып аттангам.
Бийик болгон тоолоруңа берилип,
Бир өзүңдөн ыйык жерде таппагам.
Кайырма:
Уламалап тарых сүрүп келаткан,
Ураалы, Шоңко, Бүтөбайдай элим бар.
Ата-бабам жазды сенде тарыхын,
Ак жашоодо арылбаган бактым бар.
Кайырма:
Түбөлүккө көңдөй жерин мекендеп,
Ар дайыма аман эсен жашайлы.
Арыбаган калың кыргыз эл менен
Алга карай канат сермей баралы.
ТЕМИР -КАНАТ ТУУЛГАН ЖЕРИМ
Темир Канат турагым,
Терезеде чырагым.
Көңдөй жерим турагым,
Көкүрөктө ынагым.
Өмүрүм өтүп кеткен соң,
Өзүң менен болоюн.
Чынарыңда сайраган,
Чымчыгың болуп коноюн.
Кара-Каман, Чатыр-Таш,
Калкылдап өткөн кайран жаш.
Капарсыз жүргөн каткырып,
Калыптыр күндөр кайрлбас.
Көңдөйдө калган көп мезгил,
Көңүлүмдөн айрылбас.
Улактай ойноп өскөн жерин,
Уул-кызы кантип сагынбас.
Арпа-Тектир, Ат- Жайлоодо,
Атакем малын кайырган.
Төрлөрү кенен кең конуш,
Төрт түлүк малы жайылган.
Балгарттын аккан доошунан,
Байыркы күүлөр жаңырган.
Санаты бүтпөс жаштар өссүн,
Сагынып жүргөн айлымдан.
Темир –Канат турагым,
Терезеде чырагым.
Көңдөй жерим турагым.
Көкүрөктө чырагым.
КӨНӨЧӨКТҮН КОЛ КИТЕП
Көнөчөктүн кол китеп,
Көөнөрбөс жагы мол китеп.
Баястан ата тарыхын,
Баяндаган бул китеп.
Айман ата тарыхын,
Айтып берген бу китеп.
Курумшу ата тарыхын,
Куруп берген бу китеп.
Беккулу элдин кол китеп,
Березеси көп китеп.
Торгой ата тарыхын,
Тоо-талаанын баянынан,
Аян айткан бу китеп.
Канай ата тарыхын,
Качанкынын баянын,
Кайтпастардын аянын,
Кабар кылган кол китеп.
Курумшудан Койсойбос,
Кеп курбасак такыр болбос.
Курумшудан Ураалы,
Көтөрүп чыккан ураанды.
Арт ата, Босток чабышып,
Көзгө чабаар аталды.
Боордо өскөн Боргөтөн,
Боолотуп сөздү түшүргөн,
Укмуштанткан уламыш,
Уккан адам түшүнгөн.
Таабий ата сөзүндө,
Тарыхтын түбү түптөлгөн
Тажабай улам уга берип,
Тамшана келип сүйүнөм.
Сан жылкылуу Атыгай,
Саан жылкы айдап шашылды ай,
Сабалаган жылкыдай,
Санжыраны айтышмай.
Ай туяктуу жылкы ай,
Абалкыдан тартышмай.
Көп жылкылуу Бугубай,
Көнөчөк элдин бугу ай.
Көөнөрбөс жашоо сырынан,
Көп жагы калды айтылбай.
Кайтыш болгон туугандардын,
Кабарын айткан бу китеп.
Жоокерлердин арманы бар,
Жоромолдуу жорго китеп.
Акун ата тарыхын,
Аңыз кылган бу китеп.
Жаштыкты эске салдырган,
Жаңырыгы бар китеп.
Тууганын эстеп ыйлаткан,
Турак жайын сагынткан.
Качанкынын баянын,
Кабар кылып уланткан,
Кабарчы китеп, бу китеп.
Агалардын жоругу
Жылмайтып күлдүргөн.
Кудулдардын арасында,
Кусмидин аба көрүнгөн.
Ойго койбой кеп салып,
Орозо ата бөлүнгөн.
Кубантып киши күлдүрүп
Кубат чачкан кол китеп.
Тешик-Көл, Борду тарапты,
Телмирип улам каранткан,
Арпа Тектир, Ат Жайлоого,
Ат бороюн салдырган.
Бабалардын конушунан,
Баян берген кол китеп.
Түмөнбай ата тарыхын,
Түгөлдөгөн бу китеп.
Акбоздун кунуна,
Алмашылгыс бу китеп.
Көнөчөктүн кол китеп,
Көөнөрбөс жагы мол китеп.
Сөзү сөгүлбөс,
Кеби кемибес.
Айтканы арыбас,
Ак санаасы карыбас.
***
Караандуу айлым Темир-Канатым
Кан жанымда сен айланып турасың.
Кийинки кезде барбай калдым өзүңө,
Кирди чыкты мүшкүл тура бу дүйнө.
Киндик каным таамп каралдым,
.Ой санаамда түбөлүккө жашайсың.
Күндөй болгшон туулган жерим аймагым
Күүгө айланып жүрөгүмдө сен барсың.
Мен сага каттабай калган күндө да,
Медерим деп мени эскере жүргүнүң.
Ырыстуу айлым Темир Канатты,
Ырга айлантып энекемдей сүйчүмүн.
КУРАН
Арбактар чын дүйнөдө,
Өмүр сүрүп жүрүшөтт.
Көзү ачык кээ бир адамдар,
Көрүшөт да сүйлөшөт.
Алыс узап кеткендерди,
Кээ бир кезде эстесек.
Кудуретин баалай жүрөлү,
Куран окуп кез-кезек.
Өмүрдөн өтүп кетебиз,
Өлбөй турган жан барбы.
Биз баарыбыз сезебиз
Бир баштагы арманды
ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНИН ДИНДЕРИ
Дүйнө элдеринде эң белгилүү диндери жана алардын ар биринин ыйык китептери бар. Кээ бир диндин ыйык чыгармасы катары бир канча китептер окулат.