«КӨНӨЧӨК»
Бүтөбай ата балдарын үйлөнтүп өстүрөм десе эки көзү төрт болчу эле.Кыргыздар ары жылып, бери жылып, калмак, кара кытай, уйгур, казак чапкынында калып, алар менен кармашып, бирде бөксөрүп, бирде көбөйүп жүрүп отурду. Ошентип ар бир кыргыз тукум калтырып, кыргыз элин жок кылбай сактап калсам деген ойдо болду. Алар байыркы ата-бабаларын жерин сактап, конушун коргоп,«биздин журт жер үстүнөн жок болуп кетпесин» деп ойлонду. Беккулунун уулдары конуштаган Чоң Жергес, Кичи Жергес жери артта калды. Адамдар ал аймактын жайнаган жерин бөксө тоолорун, токойлорун, шаркырап аккан сууларын түштөрүндө гана көрүп калды. Балдары тай минип чаап бараткан жерин, көпөлөк кууган аймактарын, козу улак кайтарган жерин түштөрүндө көрүп, төмөндөгүдөй ырды сызылтып ырдап калышты:
Көктөн учкан жагалмай,
Жагалмай канат кага албай.
Жетимсирейм жалдырап,
Жергес жерге бара албай.
Ушул армандуу ыр алардын жүрөгүндө жаралып өзүнчө бир арман болуп калды. Жигиттер ата бабасы өскөн жерин сагынып куса болушту. Туулган, өнүп өскөн аймак деген оңой эмес экен. Бүтөбай ата төрт уулду болбодубу, алар: Баястан, Мамай, Садык, Карач.
Биз мындан аркы баяныбызда Карач атанын балдары жөнүндө бир тамашалуу түбөлүк эсте кала турган ары күлкүлүү ары армандуу, Беккулу атанын тукумдарынын ар биринин эсинде калган бир икаяны эске сала кеткибиз келип турат. Аны биз эске салбасак анда биздин баяндаган санжырабыздын тузу кем болуп калышы ыктымал. Карач атанын: Жантай, Талканбай, Төрөкелди деген балдары бар экен. Карач ата тагдыр берген ушул балдарымы эл теңдүү чоңойтуп, өстүрөм десе эки көзү төрт болуптур. Ал бир күнү талаада кой кайтарып жатып бир түш көрөт. Түшү мындай экен. Беккулу да, Бүтөбай да куш салчу эле. Өзү да түшүндө куш салып жүргөн экен. Анын үч кушу туурунда отуруптур. Ал ойлонот «куштарым туурда отура берип чарчады, обого учуп канат кагып сергип келсинчи» деп ойлонот. Үч кушун байлоосунан чечип, «кайра мага аман-эсен кайтып келгиле»-деп асманга учурат. Үч кушу канат кагып, теңир обону карай сызып кетишет. Бара жатып айбаттуу үн берет. Бир кезде асманды караса куштардын кайтып келе жаткан карааны көрүнөт. Ата «куштарын сергип кайра өзүмө келаткан экен» деп кубанат. Ошол сапар кеткен куштардан экөө аман-эсен кайтып келип бирөөнөн кабар жок. Эки кушун туурга кондуруп коюуп, үчүнчү кушун күтүп жатат. Куштан дарек жок такыр келбейт. Күтөт. Күтөт такыр келбейт, ал бир кезде ойгонуп кетет. Анан эле түшүн ойлоно баштайт. Эмне үчүн? Карач ата койлорун айдап үйүнө келип көңүлсүз үңкүйүп отурду. Аял эринин көңүлсүз отурганын көрүп:
– Эмне болду деги малың аман-эсенби?
– Аман эле бирок талаада жатып, бир түйшөлө турган түш көрдүм.
Аялына көргөн түшүн айтып берди. Экөө тең ойлонуп калышты. Жантай менен Талканбайдын балдары бар. Ал эми Төрөкелдичи… Али үйлөнө элек. Экөө баласынын бойдок жүргөнүнө бушайман болуп калды.
Эртеси ата жампая тартып жеерде атын минип, бойдок баласын үйлөндүрүш үчүн эки жактан кыз издеп чыкты. Тамыр таанышынан, агайын сөөктөрүнөн бойдок баласынын жөнүн айтып жүрүп отурду, жүрүп отурду. «Төрөкелдим эле үйлөнсө санаам тынган турат. Ал үйлөнүп аталык карызыман кутулайын»,-деди. Жол жүрүп отуруп ал жатакчы Жаамбай аяшыныкына келиптир. Жатакчы Жаамбай эми эле талаадан кайтып эс алып отурган болчу. Жаамбай элүүдөн чукулда эле ашкан кара-тору адам эле. Өмүрүндө оозунан жаман сөз чыкпаган, адамга жаманчылыгы жок, жайдары башкаларды куудул сөзү менен күлдүрүп жүрчү.
– Ой кел, Беккулунун тукуму «Кара көйнөк» арпа өнгөн талаада эмне издеп жүрөсүң, азыр арпа быша элек, бышкыча көп бар,-деп күлүп калды.
Карач ата да ага тамашалай жооп берди:
– Эмне издемек элем курсак ачты, алым качты, кара аяк толтура жарма ичип, карт-карт кекиргим келет.
– Ошол эле болсо эчтее эмес, эгин өсүп турганда жарманын иши оңой.
Экөө тең жарпы жазылып күлүп калышты. Карач чери жазылып, барбалаңдап:
– Эмне издемек элем. Жанакы үч баланын экөө үйлөнүп, небере жумшап калдым, Төрөкелди баламын колуктусу жок ошого аял издеп чыктым жашы да өтүп баратат. Ошол үйлөнсө санаам тынып жакшы болуп калат элем.
– Баланы үйлөндүрүш атанын милдети ошол милдетиңен кутулайын деп чыккан турбайсыңбы, эл журт турат, сага ылайыктуу келин табылат. Табылбай коймок беле.
Экөө көп нерсени сүйлөшүп отуруп акыры бүркүтчү Солтонкелди карыянын тал чыбыктай ийилген эстүү Шаакүл деген кызы бар эле. Алар ошого токтолушту.
– Каке дагы бир күнү экөөбүз Солтонкелдиникине баралы бүгүн кеч кирип кетти,– деди.
Ошол ошол болуп, Карач ата кой короого келген маалда үйүнө келатты. Ал аралдагы койду короого кошо айдай келди. Аялы «эмне сөз айтаар экен»,-деп күтүп жатты.