Выбрать главу

– Буюрса уулуңа колукту табылды, бүркүтчү Солтонкелдинин кызы Шаакүлдү келин кылып алмай болдук.

– Ой, анда жакшы ал энемин тайлары болот. Ырас мен тайэжеми келин кылып алат экем,– деп кубанды.

Ошол ошол болуп андан үч күн өттү. Карач жатакчы Жаамбайды ээрчитип, Солтонкелдинин үйүнө түштү. Үйүнүн сыртында бүркүт, куштардын түрү конуп отурат. Бул адам кыраандардын тилин билген мүнүшкөр адам эле. Турмуш ошондой болуп жатпайбы, бир иш менен эмгектенбесең сен кантип жашамак элең.

Мүнүшкөр карыя шибеге, көгүн алып бүркүттүн томогосун жамап отурган экен. Үйдө ат алчу бала жок экен экөө аттан түшүп чылбырды казыкбош чалып мамыга байлап, карыяга сылыктык менен салам беришти.

Келгендер боз үйгө киришип чай ичишип, ар кайсы көрүнүштү, аба ырайын, элдеги окуяларды сүйлөшүп отурушту.

Бир кезде Карач:

– Солтонкелди аба балдар, кыздар чоңоюп колубуз узарып келатат го.

– Ал жагы жакшы кудайым ушулардын жаманчылыгын эле көрсөтпөсө болду.

Сөзгө Жаамбай жатакчы аралаша баштады:

– Аба тамакты даамдуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз,– дейт.

– Касиеттүү аба сиздин Шакүл деген ай чырайлуу кызыңыз бар экен ошону биз бүлө кылып алалы дедик эле,– деди Карач жайдары кубана тигил кишинин көңүлүн алып.

– Аны эми өздөрү билсин эки баланы жолуктуруп көрөлү мамилеси келсе, үйлөнсүн күйөөгө бербей мен аны жигит кылып алмак белем. Атанын оюу кызым бактылуу болсо эле,– дейт да.

Булар бир четинен сөз бектип, экинчи четинен балдардын каалосуна коюушту. Ошол иш ошол болуп, андан башкача болгон жок.

Эртеси Карач атанын аялы Төрөкелдини ээрчитип алып, Солтонкелдинин үйүнө келди. Кан куда Карач атанын аялынын жакын тайлары экен. Алар туугандык жол менен жакшы аңгемелешти. Кыз дагы Төрөкелдини жактырып калды, эми калыңы үчүн Карач кудага мал айдатып, анан бара-бара алыш-бериш бүтүп, кыз узатуу иши гана калмак. Убакыт жылып, он күн өттү. Төрөкелдини күйөөлөтүп, кайнатасынын үйүнө жибермей болушту. Күйөө баланын кийминин баарын жаңылап, чакчайта кийиндирип, минген атынан өйдө жараштырып, башына чакчырылта калпак кийгизип даярдашты. Бир гана жаман жери күйөө бала өтө жоош сөдү сүйлөөнүн да жөнүн билбейт. Бирдеме десе эле кой, уй, жылкы кайтарганын эле сүйлөп туруп алат андан башка сөздүн жөнүн билбегендиги жаман болуп жатпайбы. Ата-эне ойлонуп, буга тамашөкөй күйөө жолдош тапкысы келди. Антпесе Төрөкелди кызга кайындарына эмнени сүйлөп бермек, «Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик жагы билинип калбаса экен» деп эне байкуш кабатыр болуп турду. «Эптеп келин кылып алсам экөөн өзүм тарбиялап алаармын» деп жакшы ойго термелет. Экөө ойлонуп-ойлонуп өтуруп күйөө жолдош да тапты. Ал Талканбайдын жакындары Шакенди табышты. Шакен ары сөз билги, ары куудул, ары тамашөкөй, ары элди бириктирип сүйлөгөн элчилик жайы да бар эле. Төрөкелдиге энеси:

– Балам сага күйөө жолдош табылды.

– Ал ким экен.

– Талканбайдын кайнагасы Шакен.

– Ал мени менен барып эмне кылат. Андан көрө өзүм эле барсам эмне болот. Мен аяктан эмне иш кылам.

Ата менен эне боору эзилип күлүп калышты:

– Сен эмне кылмак элең, күйөө бала болуп созолонуп жүрөсүң.

Ата менен эне дагы күлүштү.

Ошентип эртеси күйөө жана күйөө жолдош жолго чыкты.

Алар Солтонкелдинин үйүнө кечкурун келишти. Күйөө жолдош менен күйөөнү кичинекей боз үйгө киргизишти. Кыз келиндер күйөө баланы көрөбүз деп келип жатышты. Күйөө жолдош көзүн ирмеп шыпылдап сүйлөсө жөн эле тилинен чаң чыгат. Ал эми күйөө бала кыз келиндерди карап эси ооп калгансып, улам-улам эстеп оозун ачып аңырая отурат. Ошол кыздардын арасында бир шумпай кыз бар эле:

– Жездеке, кулагыңы бери тосчу мен жездемин кулагын кызарта чойгум келет,– деди бир шумдукту баштап.

Төрөкелди эч нерседен капарсыз башындагы калпакты ары коюуп, кызга башын тосту. Баардыгы кыраан каткы күлүп калышты. Кыз жездесинин оң кулагын кармап чоё баштады. Ал кулакты катуу чоюп жиберди окшойт:

– Кокуй акырын чойгун, кулагым катуу ооруп жатат. Баардыгы кыраан каткы күлүштү. Күлбөгөн киши жок. Кыз жездесинин кулагын коё бербей дагы катуу чоё баштады.

– Ий, ооруп кетти акырын чойгун дебедим беле,-деди жезде баардыгы дагы күлүп жатышты.

Кыз кулакты чойгонду акырындатып калат, ал кезде Төрөкелди кыйкырбай токтоп калат. Кайтадан катуулатат күйө бала кыйкырып кирет.

Ошентип жезде менен шум кыз элдин көзүнчө мышык-чычкан ойношту. Шаакүл күйө баланын абалын көрүп жылдызы жерге түшө баштады. Муну билген кыраакы жеңе: – Кызыке эмнеге капалуусуң, күйөө бала кол бала экен ичинде такыр арам кири жок жаш баладай экен муну өзүңө тушташтык кылып тарбиялап ал. Күйөөң кызыл камчы болсо эмне кылат элең, жаман болмок. Анын үстүнө кудагый атамын жакын жээни экен, ал сени эч убакта кор кылбайт. Сага ошол эле керек. Келиндин акылдуу кебин угуп, Шаакүл тынчып кайра жайдарылана баштады.