Кыздар, келиндер күйө баланын сырын билип ошол түнү түн ортосунда тарашты. Эртеси болду. Эртеси үйдө эки-үч эле киши калды ага менен жеңе бээ сааганга кетти эле ошол кезде шум Шакен дагы бир жорукту ойлоп таба койду. Ал Төрөкелдиге арыдагы илинип турган көнөчөктү алдырып келип, – Кел каймак жейли, курсак ачты,– деди. Эч нерседен капары жок бала кыял Төрөкелди колу менен уучтап каймакты жеп жатты. Бир кезде Шакен –тиги бычакты алып кел,-деди да – Көнөчөктү оозун кесип жибер,-деди. – Ой, кокуй ээси урушпайбы,– деди. –Жок урушпайт, күйөө бала салт боюнча ушундай кылыш керек,– деди. Экөө кесилген көнөчөктөн каймакты аябай жешип аны чыктандын түбүнө коюуп койушту.
Жеңе бээни саап келип чыгдан жакты караса эле кесилген көнөчөк. Жердин баары каймак. Эмне балакет болду, ит кирдиби,– деп ойлоду.
Жеңе Шакенден сурады:
– Ой, күйө жолдош көнөчөктөгү каймакты жепсиңер аны кеспей эле жебейсиңерби, ошол дагы болмок беле,-деди жылмая күлүп.
– Күйөө балаңар ачка болуп көнөчөктөгү каймакты жеп жатып, көнөчөктөн колу чыкпай калганда мен араң дегенде бычак менен көнөчөктү тилип чыгардым,– дейт. Келин чочуп кетип:
– Койчу күйөө жолдош ошол дагы болмок беле.
– Чоң киши калп айтмак беле, муну жеңеке эч кимге айта көрбө күйө балаңар жөнүндө лакап тарап кетет,-дейт куудулдана.
Шум Шакен баарын жасап коюуп билмексен болуп калат.
Ошентип күйөө жолдош менен күйөө кайра өз үйүнө кетишет.
Кыз менен жигит үйлөнөт. Чоң той болот. Ал тойго көп эл катышат. Үйлөнгөндөр бактылуу өмүр өткөрөт. Кыз жоош күйөөнү өзүнө жаккандай кылып тарбиялап алат. Алар узак жыл бактылуу жашаган экен.
Бирок баягы окуя жөнүндө жеңе элге айтып жиберет. Ошондон улам күйөө баланы «көнөчөк күйөө бала» деп аташат. «Көнөчөк» деген ат жалпы Беккулу атанын тукумуна тарап кеткен экен. Мурун « Кара көйнөк» деген атыбыз болсо, эми балакет болуп, ага « Көнөчөк» деген ат жармашты да кетпей калды ошол бойдон такыр кеткен жок. Мейлм эмне десе да ошол ыйык ат бизге жармашып келе берсин. Жалпы элибиз аманчылыкта ден соолукта, журт аман-эсен эле болсо болду. Андан башка эмне демек элек. Малыбыз көп болуп, көнөчөктө каймагыбыз толо болсун биз аны кол менен эле жыргап жей беребиз. Көнөчөктөн колубуз чыкпай калса аны тилип туруп чыгарып алабыз.
Жесең ширин татыган,
Көнөчөктө каймак бар.
Мээрим чачкан Беккулу эл,
Меймандостук жагы бар.
Көп элге эчак таанылган,
«Көнөчөк» деген аты бар.
Ушундай ыйык заты бар.
Башка элдер биз кургурду,
«Көнөчөк» деп чакыраар
САПАР ЖОЛ
Ошентип падышачылык Россиядагы жер реформасы жүрүп, кыргыздар Россия империясынын карамагына кошулуп, алардын сөзүн угууга аргабыз калбай калды. Ал кезде түндүк кыргыздардын душманы өтө көп болду. Жакын эле жерде калмактар кыргыз жерин басып алып өздөрүн башка жакка сүрүп айдап жиберүүгө аракет кыла баштады. Өзүбүздүн туугандарыбыз казактар да тынч жатпай койду. Союл ала калып түн ичинде жылкыны айдап кетип, «Ысык Көлдү ээлеп алабыз» деп ыдык көрсөтүп кирди. Ал эми кытайларды айтпай эле коёлу алар «согушпай эле элибизди жайгаштырып койсок, кыргыз жери биздики болот» дешти. Түштүктө өзбектер Кокон хандыгы чыкты «баардык кыргыз алык-салык төлөсүн хан ордого сулуу кыздарын берсин» деп, ала топусун кийип чыгышты. Ошентип эки ортодо ынтымагы жок кыргыздар ары-бир, бери-бир сүрүлүп кайда бараарын, ким менен бирдиктүү болоорун билбей калды. Ошол кезде биринчи жолу кыргызда Боромбай тарап орус губернаторлугуна кайрылды: Бизди карамагыңарга кошуп алгыла, силер көпсүңөр, биз силер менен бололу деген ойлорун билдиришти. Россия өзүнүн аянтын чоңойтуш үчүн аракет кылып жатты эле, бул сунушту кабыл алып, орустар көлдүн айланасына кирип келип, үстөмдүгүн жүргүзө баштады. Анан алакандай ынтымагы жок кыргыз эмне кылмак эле.
***
Эми калган сөздү коё туруп өзүбүздүн бабаларыбыздын баянына өтөлү. Ошентип Беккулу атанын тукумдары Ак Суу жеринен сүрүлүп, Жети Өгүзгө келди. Ошол Жети Өгүзгө келгенде биздин туугандар өздөрү өскөн Чоң Жергес, Кичи Жергес жерин сагынып куса болушту. Анын үстүнө ал жер койнун ачып кенен аймак эмеспи. Алар чыгыш тарапты каранып, арманданып ыр чыгарышат.
Кичи Жергес, Чоң Жергес,
Көз алдыман түк кетпес.
Айдыңданып эске келет,
Анда өткөн миң элес.
Дартымы менин козгойсуң,
Өскөн жерди ойлойсуң.