Элес сиңип жаштыкка,
Эсимен кетпейт окшойсуң.
Беккулу атанын тукумдары Жергес жерине келип, өздөрү өскөн жерин көпөлөк кууган айдыңдарын көрүп кетип турушту. Бирок ал тарапка барууга такыр болбой калган. Эми Жети-Өгүз жеринен жер бөлдүрүп алабы. Жок Саруу уруусунун адамдары жана башка уруулар менен мамиле түзө албай жатышты. Кийинки учурда бул жердин байы Байтейит Беккулу атанын тукумдарына жүз үйүрбөй койду. Ошол жердин байлары менен каршылык күчөй берди.
Койсойбос:
– Бу биздин жолубуз болбойт го.
Балбак:
– Атаңын көрү дүйнө баягы биздин Жергес жерибиз кайда?
Алар өздөрүн жаман сезип жылдыздары жерге түшүп турду. Ата бабабыз өскөн ошондой ыйык жерди кайдан табабыз.
***
Көп жылдык отоо чөп сары кычан талаага жыш өстү. Гүлү майда ак канат кылкан сыяктуу сары баш өсүмдүктөр жол жээктеринде, ачык жерлеринде жыш өсөт. Боз булуттар тоонун башын карай ашыга жөнөшөт. Күндүн жылышы менен келгиндер эрте келип, курт-кумурскалар, жыландар ийнинен эрте эле чыгып, ары-бери сойлоп өз азыгын издеп жүрөт. Тээ берегиде үч кыраан учуп жүрөт. Экөө чоң, бирөө кичинекей. Ата-эне бүркүт өзүнүн балапанын аңчылыкка үйрөтүп жүргөн шекилденет.
Ошол күндөрдүн биринде Беккулу атанын тукумдары жер чалып, конуш издеп, келиш үчүн иш билги Баястандын уулу Түмөнбай, Балбактын уулу Абадан алыс сапарга аттанмай болушту. Түмөнбай узун бойлуу чымыр булчуңдуу, кыл мурут койгон алдуу, күчтүү улан эле. Абадан да ошондой зор денелүү ар бир нерсени баамдап чечкен акылы жетик жигит болчу. Узак сапар жолдо алар ийдиш аягын, башкалардан сактаныш үчүн курал жарагын алып, эки бир тууган чоң сапарга аттанды. Тааныш эмес жолго өздөрүнө турак издеп чыгыш оңойбу. Кимдир бирөө караңгыда союл менен жонго чаап, атын тартып алса өзүн карышкыр өтпөс кайчы жолго, түлкү өтпөс түнөк жолго таштап салса, булардын күнү эмне болот? Бала чакасы туулган туушканы бар эмеспи. Туугандары менен коштошуп эки атчан сербейип кетип баратты. Түмөнбайдын мингени Чаар айгырдын тукуму Каракүлүк орточо семиздикте, чуркаганда оңой менен атка жеткире койбос. Теминип койгондо омуроосу менен душмандын атын коюп кетмейи бар. Жакшы багылгандыктан куйрук, жалы, жүнү күнгө нурдана жылтылдап, адамдын көзүнө түшчү жаныбар. Абадандын мингени Адылдын уулу Томпойдун жеерде аты. Бул менменсинген өкүм жылкы тукумунан чыккан. Балбак менен Адыл уулу башынан жылкы жаныбарына жакын, кандай чобур ат болсо да таптап отуруп, күлүк кылып алмай адаты бар. Алар:
– Ат адамдын канаты,– деп көп айтышат.
Түмөнбай менен Абадан ат үстүндө желе жорто сапар тартып келатышат. Алар көп жерди көрүп, кайсы жерге Беккулу атанын тукумдарын көчүрүп келүүгө боло тургандыгын ойлонуп келатышты. Алардын сапары Тоң, Котмалды, Нарын, Ат-Башы, Ак Талаага жетип кайра кайтмак. Жолочулар жөн ишти аркалап бараткан жери жок, ушул чачкын учурунда Беккулунун тукумдарын бир жерге жыйнап чогултуп отургузуу үчүн баратат. Түбөлүк конуш турак жай издеп кетип баратат. Күн эртең менен чыгыштан чыгып, батышка батат. Жолочулар тынбай кетип баратат. Алар бош жерди издеп, жер оңутун издеп кетип баратат. Жакшы ылайыктуу жер болсо, малы жайылып, өзөн суусу жакын болуп, эл кыйналбагандай болуп, жер сугарып, эгин айдаса, короосуна кайың –тал өстүрсө. Жолочулар кечинде бир жерге түнөп, күн уясына батып кетет. Эртеси кайра күн уясынан чыкканда жолун улантат, жолочулар да жолдо кетип бараткан болот. Күн да, адамдар да өзүнчө кетип бараткан жолочулар. Жүргүнчүлөр жүрүп отуруп, Тоң жерине келишти. Бул жерге келген Кыдык атанын тукумдары бар экен. Алар менен аңгемелешип, жүздөшүп, андан ары жолун улантышты. Алар бат эле Котмалдыга Арык туугандарына жете келип, Байболот менен таанышты.
– Ой, Төрөкочкордун тукуму кайда жол тартып?
– Кайда бармак элем Чыныбай жана оёзной Итбоку Ак Суудан кет,– дейт. Жаңы конуш издеп жер чалып баратабыз. Кайсы жерден ылыйыктуу конуш табылат ал кудайдын бир барманы келечегибиз эмнегендир бүдөмүктөнөт.
Байболоттун казан аягы кенен сыйчыл киши экен. Эки жолочуну кондуруп, эртеси аларды аттандырды. Эртеси экөө берешен кишиге ырахматын айтып, сапар жолго чыгышты. Турак издеп эки жлочу кетип баратат. Сапар тартып ыйык күн дагы сапарын улантып кетип баратат. Баардыгы тең өз жолун улантышат. Эгер сапар токтоп калса, анда жашоо токтоп калмак.
Экөө Кочкордон өтө бергенде, дөбөнүн артында эки атчан пайда болду. Эки жолочунун көзүнө эки атчан кандайдыр шектүү туюлду. Эки жолочу тең алдуу күчтүү экен. Түмөнбай экөөн карап, булардын колунан эч бир жакшылык келбей турганын сезишти. Алардын көздөрү Түмөнбай менен Абадандын аттарына түшүп турду. Биздин жолочулар булардын талаа жеринин каракчысы экенин сезишти. Булардын колуна түшкөн адам талаа жеринде таланып жөө калаарын сезишти. Түмөнбай дагы Абадан дагы узун бойлуу тарамыштуу, оңой менен башкаларга моюун берип жеңдирип ийчү адамдардан эмес. Түмөнбай куржундагы шылк этмесин алып, өтүгүнүн кончуна салды. Куржунда таягы, а түгүл кичинекей кылычы, жаасы да бар эле. Түмөнбай Абаданга: