Выбрать главу

Эртеси туруп дагы эт бышырып жеп дагы көп жерди көрөлү дагы кандай жер бар экенин билгизи келишти. Алар эртеси Чоң Ашууга чейин Коргонду Булакка келип, кайра эле баягы эки тоонун ортосундагы көңдөйгө карай жол улашты. Экөө көп жерди басып келгиче бир топ убакыт өттү. Керели кечке жол жүрүп чарчаган экен.

Абадан Түмөнбайга кайрылды:

– Кайсы жерге жатып конуп алалы.

–Тетиги кызыл дөбө турат ошонун ары жагында шибер чөптүү, бадалдуу колот бар экен ошол жерге конолу.

Экөө ошол коктуга келип, аттарын тушап коё беришип, майда барат кургак отун чогултуп атып алган кекилик, чилдерин куйкалап эт жегенге кирип бат эле уйкуга киришти. Чарчаган жолочулар ылдам эле тынчтыкка көшүлүштү. Ошол түнү Абадан ата бир укмуш түш көрдү. Андай түштү ал өмүрүндө көргөн эмес эле. Касиеттүү адамдын көргөн түшү төмөндөгүдөй болчу.

Берегиде бүгүнкү өздөрү көргөн дөбө турат. Беккулу ата ошол дөбөнүн айланасында бир жумуш кылып жүргөн экен. Ары жакта суу агып жатат. Атанын жанында кайың, тал ар кандай өсүмдүктөр ыргалып турат. Анан эле бир жактан атага үч боз үй алып келет. Беккулу атанын балдары жанында турат ата:

– Балдарым бекер басып жүрбөй жерге тал тиккилечи,– дейт. Ал талды алып берет. Балдар тал тиге баштайт. Анан эле ата үч баласына үч боз үй берип:

– Бобул боз үйлөрдү тетиги түзөңгө тигип оокатыңарды кылгыла,– дейт. Балдары боз үй тигип киришет. Өрөөн бүт боз үйгө толуп кеткен экен.

Эртеси күн жаадырап чыга келип, жолочулар өтө кеч ойгонду. Алар аттарын токуп чоң сапарга аттанмай болушту. Бул жерден кетеерде жалпы ата бабанын арбагына багыштап куран окушту.

Алар Жер Үй жакта Абдыраман деген киши бар экенин уккан ошого карай сапар улады. Абдырамандын чоң боз үйү Жер –Үй суусунун жээгинде экен. Ошонун үйүнө келип эки жолочу жакшылап учурашып, аларга ал-абалын келген жайын карыяга айтып беришти. Карыя:

– Силер деле касиеттүү уруудан экенсиңер, бул жер бизге караштуу эле, бирок мен силер сурасаңар берем, келип отурукташа бергиле, түз жол менен жүрүп отуруп, Бор дөбөдөн бурулсаңар Калматай деген ажы бар. Ошого барып жолуккула андан дагы бир ооз өтүнүч сурагыла,– деп биздин жолочуларды жакшы маанайда узаткан экен. Эки жолочу карыяга аябай ыраазы болуп жол тартышты. Карыяга ырахмат айтып Бор Дөбөгө карай келатты. Жол жүрүп келатып Кулгунанын аркы түшө калышында өгүз минип келаткан бир балага жолукту. Бала сылыктык менен атчандарга салам узатты. Жолочулар:

– Алматай деген ажы кайсы жерде турат.

Бала ажынын үйүн көрсөтүп берди. Атчандар атын камчылап ошол жакка карай ашыга баратышты.

Алматай ажы касиеттүү киши экен. Биздин адамдарыбызды жакшы тосуп алып сыйлады.

– Мен ал жерди Абдыраманга көз салып тур дегем, силер деле биздин жакындарыбыз экенсиңер көчсөңөр көчүп келгиле бир эл, бир журт болуп жашайлы,-деп жакшы кеңешин берди.

Экөө Алматай ажыга ырахматын айтышты. Көчүп келиш үчүн Жети Өгүзгө карай жөнөдү. Алар эки күн болот дегенде өз туугандарына аман-эсен келишип, өз баштарынан өткөн окуяны баардыгын айтып беришти. Эмки сөз ошол жакка көчүү жөнүндө болуп жатты.

Адыл:

– Ал жакты билем, мал жайганга тар болуш керек.

– Ар кайсы жерге көчүп-конуп эле жүрөбүз, ал жерге көчүп барып жакпаса башка жакка көчүп кетеби. Биз Жети- Өгүздүктөргө кор болдук андан көрө кете берели анан калганын көрөбүз.

– Ошол жакка кетели Саруулуктар бизге ыдык көрсөтүп жатат. Беккулу атанын тукумдары бир жерге чогулса жакшы болбойт беле,– деп Табылды айтты.

Ошентип баары кеңешип отуруп баары көчмөй болушту. Бирок ар бири өз шартына карашты. Барскондун тоо жагындагы өтөктө акбоз бээ чалынып кудайга жалынып бата тилешип көчкөнгө камынып киришти.

Бул кез 1850- жылдардын ар жак бер жагыбы ким билет. Биз көп эле адамдардын сурадык бирөө дагы анын жообун так айта албады. Бул учур Столыпиндин жер реформасынан кийин болгон болуш керек. Бир киши да айта албайт Беккулу атанын тукумдары баардыгы бир кезде көчүп келип отурукташкан деп, эч ким айта албайт. Алардын ар бири ар кандай шартта көчүп келап жай алышкан. Андагы кездеги санжыраны ким билет совет маалында санжырага көңүл бурчу эмес, болгону биз карылардан гана угуп калчубуз. Санжыраны кеп салса улутчул, өзүмчүл деп айтылган. Кээ бир санжыра жөнүндө кеп козгогон окумуштуулар ишинен куулуп көрбөгөн кордуктарды көрүп, айрымдары итап болуп айдалып кеткен. Биздин айылда санжыраны мыкты билген адамдар болгон алардын сөзүн учурунда баалабай укпай калбадыкпы. Бирок балалыкта алардын кээ бир сөзүн тышаганбыз ошол кереметтүү санжыранын бүркүмдөрүнүн кээ бири жоголуп кетпей биздин эсибизде калган экен. Мен силерге ошонун кээ бирин баяндап берип жатам.