КӨЧҮҮ
Улуу даражалуу география коомунун жетекчисинин кабыл алуу бөлмөсү. Кенен ары жарык. Дубалдарга ак шам илинген. Тигил жерде Россия империясынын желеги жана герби турат. Андан бери сүрдүү эң сонун чеберчилик менен жасалган бүркүттүн статуясы орун алган. Дубалдын оң жагында даңазалуу падыша Улуу Пётрдун сүрөтү. Анын жез атчан сүрөтү Россия өкүмдарынын улуу сүрүн элестетет. Пол жылтылдап катуу кымбат жыгачтар менен жасалгандыгы билинет. Бөлмөдө стол, стул, жумшак мебелдер жайгашкан. Комната жөнөкөй ошонусу менен шаңдуу. Ашык эч нерсе жоктой сезилет. Өлкөнүн генерал губернаторлору, генералдары, чек арасына байланышкан адамдар кирип келишти. Төштөрүндө тагынган сыйлыктары жаркырайт. Алардын колдорунда ар кандай папка, кагаз салынган сумкалар, докладдар. Алар менен бирге кочкор мурун, узун бойлуу, чачтуу, аскер кийимчен киши отурат. Бул адам Россиянын география коомунун мүчөсү. Ал бир канча жолу Ыраакы Чыгышка, Борбордук Азияга, Кытай жерине барып келген. Анын жардамчысы чоң картаны дубалга илди.
Орустар көп жерди колония кылып каратып алуу саясатынын араандай оозу ачылып турган кези. Алардын ойлогон жери Ыраакы Чыгыш жана Борбордук Азия жана башка жактар болгон.
Европадагы Англия, Испания, Португалия, Франция өлкөлөрү кандай жер каратып, колония кылып алса, Падышачылык Россиянын да максаты алардан айырмаланган эмес.
Баардыгы тымтырс болуп география коомунун жетекчисин жана падышанын ишенимдүү адамын күтүп турду. Бүгүн бул жерде Н. М. Пржевальскийдин баяндамасын түбүнө жеткире талкуулап анан аны падышанын алдында талкууга коюушмак. Бул жерде Россиянын саясатын жактаган мен-мендеген төрөлөр, улуу адаммын деген пенделер отурат. Бир кезде жетекчи да келди. Эми булардын кызуу талкуусу башталды. Чогулушту алып баруучу Александр Иванов генерал губернаторго сөз берди. Ал ыраакы чыгыштагы абалды баяндап айтып берди. Деңизге чейин жетүү керек, Россиянын чек арасын кенен мухитке чейин алпарын ар жагы Аляска, Американын түндүгүн ээлеп алгысы келет. География коомунун жетекчиси ар бир кишиге сөз берип жатты. Сүйлөгөндөрдүн оюу төмөндөгүдөй болуп турду. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзүнүн мааниси: Жаратканымын алдында Россиянын чек арасын кеңейткиле, Сибирде якуттар, чукчалар, хакастар, алтайлыктар жана башка толгон майда элдер бар. Ошолордун жерин алып андан ары жол улантуу болуп калды. Америка, Британия, Франция жана башка элдердин алдында чек ара боюнча тең келе албай калсын, чек араны кеңейтүү эмне оорбу, жапайы элдер эч убакта каршылык кыла албайт. Аларды кааласаң атып сал, кууп такыр жок кыл, алар кире албас кылып чеп сал, Россиянын желегин илип, солдаттарды кайтартып кой, Ыраакы Сибирь жак талкууланып, экинчи маселе Борбордук Азияга келди. Борбордук Азияны кыдырып чыккан саякатчы М. М. Пржевальский сүйлөй баштады:
– Улуу даражалуу сиздердин өтүнүчүңөр менен жана сиздердин урматыңыздарга Борбордук Азия чөлкөмүн кыдырып чыктым. Кытайга чейин андан ары, Далай лама турган Лхасага чейин барууга аракет кылдым. Тоолор, түздүктөр, өрөөндөрго маршурут жасап, 225 географиялык, геологиялык, экономикалык аныктамаларды киргизип чыктым. Алардын калкынын турмушун аныктадым,
Ал дагы көптөгөн мисалдарды келтирип аргументтүү түшүнүктөрдү берди. Анын айткандарынын баардыгы туура келгендей болду. Баян толук болбой калды окшойт бирөө сурап калды.
– Сиз барган Ошол Борбордук Азияда кимдер жашайт экен?
– Жөнөкөй кара кыргыздар алар жыгач жана жүндөн жасалган боз үйлөр менен бир жерден экинчи жерге мал менен көчүп жүрөт экен.
– Алардын курал жарагы барбы? Канча кылса да Чынгызхан жана башкалар менен күрөшкөн эл эмеспи.
– Ишенмдүү куралдары жок экен кээ бирлеринин гана мылтыгы бар. Аларды басып алыш үчүн биздин бир эле батальон жетиштүү окшойт. Же анын деле кереги жок. Аларды согушсуз эле тынчтык жолу менен каратып алууга болот экен.
Бул сөздү угуп баардыгы ичтеринен кубанып калышты. Буюрса Россия аябагандай көп жерди ээлейт тура. Дагы бирөө сурап калды:
– Алар балким бизге индеецтер сыяктуу каршылык кылбайбы?
– Улуу даражалуум, андай эмес, анын үстүнө алардын ич ара ынтымагы жок. Бийлик, жер талашып ансыз деле алардын алы күндөн-күнгө кетип жатат. Алар өздөрүнүн алын өздөрү кетирген эл экен. Алардв күч жок таш доорундагы адамдарды каратып алуу бизге эң оңой.