Выбрать главу

Казак орус Михаил Коружный мен сүйлөйүн деп кол көтөрдү.

– Улуу даражалуулар менин оюм мындай, аларга анча-мынча жер берип, Кытайдын аймагына сүрүп салуу керек. Ал эми борбордогу биздин түзүлүшкө каршы чыккан адамдарды ошол жакка көчүрүү керек.

Орто жандана түштү.

– Михаил Тимофеевич туура айтат. Сөзсүш ошондой кылуу керек.

– Бизге бул ойду Реформатор Столыпин да айтпады беле.

– Кайталап айтчы сен саякатчы катары ал жакта кимдер жашайт экен.

– Ал жакта элдин эч маданияты жок, кара кыргыздар алар бир жерден экинчи жерге көчүп, көчмөндүк менен оокат кылат экен. Алар болгону мал менен алек болот.

– Жапайы таш кылымдагы кыргыздар.

– Демек ал жакты жөн эле каратып алууга болот тура. Бул маселе жөнүндө эч кандай тынсызданган болбойт.

Баардыгы ушул ойго келишип, Улуу Даражалуу падышага ушул такилипти билдирмей болушту. Демек кең Россиянын айланасы дагы кеңимей болду. Алар кыргыз жерлерин башкаруу үчүн ар бир губернияга бөлүп башкармай болушту.. Токмок-Пишкек өзүнчө бөлүк болуп, ал жакка генерал губернатор болуп Ф. Кауфман. Ал эми Верный, Нарын, Олуят Ата, Талас, Ысык Көл Жети Суу Уезд болуп түзүдү. Борбору Верный аталды. Ошолордун арасында көптү көргөн, карапайым элге жакшылык каалаган Мирон Григоревич деген адам бар эле:

– Биз ал жакка кастык кылбай эле койсок не болот. Бизге Ыраакы Чыгыш Сибирь деле жетет эмеспи.

Казак орус Михаил Коружный Мирон Григоревичти кага сүйлөдү:

– Сиз качанка чейин эле сылыктык менен жашайсыз. Россия жерин Кытайга чейин кеңейтүү керек маселе ошондо болуп жатпайбы.

Мирон Григоревич эч нерсе сүйлөй албай калды баардык маселе эчак эле чечилгенин билди. Баардыгынын кыялында тоолор, дарыялар, касиеттүү Ысык –Көл өз жери болуп алар көлдө чабак уруп жаткандай болушту. Алар ошол жакты эч кандай күрөшү жок эле басып алганына кубанышты. Тоолордо күлүк чаап, куш салып, көңүл ачып, жүргөндөй болушту. Баардык жерде чиркөөлөр салынып, касиеттүү коңгуроолор кагылып ал ыйык жайда орустар менен кара кыргыздар кудайга сыйынып жаткандай болгон. Бирок кээ биринин алдына чоочун аттардын кошкуругу, өз намызын коргоп, орустарга каршы чыккан кыргыздар бар, бирок орустар көптүгүнө салып, кыргыздарды кырып жатканы, эне баланын ыйы, жигиттердин кармашы, жарадар адамдардын онтогону, ачкалыкка калып, Кытайга карай сүрүлгөн эл, жана башка көрүнүштөр элестеп жатты. Ушулардын баары алардын көз алдына келип-кетип жатты.

Ал кеңешмеге катышкан адамдардын көңүлү ачык, эмнегендир кээ бири кубанганынан ыйлаганын жашыра албай жатты. Ошол жакка барып, жер ээлеп, алтын издеп бат эле байыймын деген адамдар да болду. Жаңы жерлер алардын көңүлүнөн кетпей дегдетип туруп алды.

Кубанып шаттангандар:

– Россия жери кеңейсин.

– Энебиз кенен Россия, ал Америкага жана Аляскага чейин жетти.

– Россия энебиз ыйык.

Россия жерин кеңейтип, Россия илимине чоң салып кошкону үчүн саякатчы Н.Н. Пржевальскийге чоң сыйлык жана акчалай жардам берилип, анын аты орустардын тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды. Ошол күнү ошол адамдар үчүн чоң банкет уюушулуп, Россия мекен эне үчүн шампандар атылып, ичкиликтер ичилип, шыктанткан кайраттуу тостор айтылып, айрымдары кудайга жалынып инжилдеги ырларды ырдап ыйлап жатышты. Ал эми улуу даражалуу падышага жалынуу чексиз болду. Мас болгон кээ бирлери анын ден соолугун жана узун өмүрүн каалап, өлүп калбасын деп кайгыланып ыйлап жаткандар болушту.

Бул болсо колонияны көп жерди биздин жерибиз деп каратып алган Россиянын борборундагы окуя экен. Ал эми ошол жакты кыргыз жерин каратып алабыз деген жерде эмне окуялар болуп жатты ошол жакка келеличи.

***

Кыргыздардын ичинен эң биринчи Россиянын карамагына кошулган ушул бугу кыргыздары болгон. Боромбай Россияга элчилигин жөнөтүп, ошол сунушту колдогон. Антпесе бугу кыргыздары бүтүндөй азап кордук чабуулдардын ортосунда калбадыбы. Бир жагынан калмактар чабуулун баштаса, бир жагынан казактар тынчтык бербейт. Ал эми ала топучан Коконд хандыгы өзүнөч эле бир балее болду. Алык-салык алып кыргыздарды кууратып жиберди. Анын үстүнө өз ара ынтымак жок кыргыздар бир-бирине от чачып, өлүм менен ойноп туруп алышты. Ормон хан менен Балбайдын согуш же Сарбагыш менен бугулардын ортосундагы согуш эмне деген балеени алып келди. Бугуларды өз бир тууганын кууп жиберип, көлдү сарбагыштар ээлеп алгысы келген. Ормон хан өлөөрүндө айтпадыбы « Көлдү үч айланта, чаап тынчтык бербегиле» деген. Ушундай алааматтар болду, анан көлдүк кыргыздар Россияга кошулбаганда эмне кылмак эле. Жакын туугандар бир-бирине душман болуп, бир-биринин башын жеп кирбедиби. Бир-бирине душман болуп, айгак болуп, ит кыялын баштабаса, адам болбой калган жатпайбы.