Выбрать главу

***

Эми биз сөзүбүздү Беккулу атанын уландарынын Чоң жана Кичи Жергес жеринде турганынан баштайлы.

Убакыт бугу айы бүтүп, кулжа айынын ортосу эле. Түштүктөн куштар небак эле келип,тоо-талаа мээ кайната ысып, түркүн куштар небак эле уя салып, балапандарын чыгарып, ата-энеси аны учууга үйрөтүп жүрөт. Ак Суу өрөөнүндө түркүн чөптөр, көпөлөк, калдыркандар көкөлөп канат кагышат. Ыйык жаратылыш күчүнө келип турган учуру экен.

Уч кыйырсыз созулган узун жол. Жолочулар ушул жолдо келатат. Алдыда жеерде ат минген семиз адам келатат. Анын билерман бийликтин адамы экенин кийген кийиминен бакылдап үн чыгарганынан эле сезилет. Анын артында топ атчандар. Бул адам Тилекматтын уулу Чыныбай. Ал уезьдин жер боюнча өкүлү же болбосо борбордун ишенимдүү адамы. Топ адамдарды ээрчитип, Ак Суу болушуна сапар тартып баратат. Чыныбай болуш келет экен деп Байсерке болуш тай союуп эчак эле кам көрүп койгон. Ак Суу болушу аларды жакшы ырай менен тосуп алып сыйлап жатышты. Сөз арасында Чыныбай:

– Ак –Суу, Каракол, Түп болуштарынын аймагына эл толуп кетиптир, бул жердеги адамдарды бөлүп-бөлүп Тоң, Котмалды, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа тарапка көчүрүш керек. Верный шаарынан ошондой көрсөтмө келип жатат. Бул жактын жери кара топурактуу, көлгө жакын жылуу аймак экен. Ошол үчүн орус кристияндары жактырып жатпайбы.

Байсерке болуш:

– Ээ, айланайын бул жердегилердин баары бугу эненин тукумдарыбыз. Эми тентип каяк жакка барабыз.

Чыныбай тиги кишини акырая карап:

– Бул өкүм меники эмес, генерал губернатор Калпаковский төрөнүн буйругу болуп жатпайбы, ал тууганчылыкка карабайт экен. Ал эми бул чечим ичкери эле император тарабынан келген экен. Ыйык адамдын буйругун биз кантип бузабыз. Улуу Россия чоң экенин силер билесиңерби.

Чыныбай семиз курсагын кашылап, кара мурутун сылап, жини келе айтты:

– Көчкүлө деп айтып жатам, чукулда бул жакка жасоол Чокубоку келет Жергес жериндеги бугуларды башка жакка көчүрөт, ал мендей жумшак эмес.

Эл бул жардыкты Чыныбайдан угуп, эмне кылаарын билбей дендароо тартып калды. Бул жардыктан кийин элдин башы маң болуп, эмне кылаарын билбей оор азапка тушугуп турушту.

Башы маң санаасы бир жерге токтолбогон Байсерке айтты:

– Элге айтайын алар эмне деер экен.

– Эмне демек эле борбордон келген жардыкка ким каршы чыга алат.

Ошентип Тилекматтын уулу Чыныбай келген жагына кеткен. Андан бери туура жарым жылдай мезгил сызып өттү.

Көп өтпөй Жергес жерине оёзной Иванов пристав, полиция, ыстарчындар менен келет деген кабар тарап кетти. Ошондо Жергестин айыл аксакалдары Алдаке, Бейшенбай, Чалый, Муңдук, Күзеке жана башкалар кеңешип, эми карганда каякка барабыз деп пара берип ушул жерде калмай болушту. Көп жашка барып калган Алдаке айтты:

– Ата бабанын өскөн жеринен кайда барабыз, баарыбызды ким батырат.

– Бул жерде ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат, аларды таштап кайда тентийбиз.

– Бул аймакты таштап кайда кетебиз, бул жерде ыйык бугу энебиздин изи калбады беле.

– Бул гениралдардын буйругу экен жанагы Ибаноп менен Чоңбокуга ит көнөбү?

– Пара берсек баарысы көнөт Жада калса, асманда жылдыздарды аралап бараткан куш жердеги тамакты жеймин,– деп келет.

Отургандардын баары жымжырт болуп жерди карап калышты. Алардын негизги максаты ушул жерде кала берүү болгон.

Ошентип бугу уруусунун адамдары алтын, акча, мал чогултуп, эптеп пара менен ушул туулган жеринде кала берүүнү амал кылып жатты.

Талаада түркүн чөптөр ыргалып, түзөңдө шыраалжын, уйгак, жолдо каз тамандар жайнап өсүп жатат. Аппак чийлер аңыздарды каптап, шыбак чөптөр өзүнчө жыт тарата каңылжаарды жарып, талаа жери көрккө бөлөнөт. Суу жээгинде жапалак талдар менен кара жыгачтар канча кылым болгону белгисиз атам замандан бери ыргалып жаткансыйт. Жол боюнда коко тикен сороёт.

Капталда ээ-жаа бербей тоо суусу агып жатат. Кичине киргени басаңча тартып калган экен. Бирок болбой эле күрүлдөп-шарылдап агып жатат. Бул суу атам замандан бери агып жатат. Мындан кийинки биз жок заманда деле өзүнүн жолун улап ага берет. Ал суунун аба жарган кереметтүү үнүн биздин бабалар угуп келген, мындан кийинки муундар деле ушул суунун үнүн угуп, биздей тунжурап ойго батып, алар өмүр жөнүндө ойлонушуп, мурунку ата-бабаларын эстешеер.

Тээ береги чаңдуу жолдо бир атчан боз үйлөрдү карай салып-уруп келатат. Аны көргөн адам « Соо болгой эле дагы кимиси келатат, же бирөө өлгөнбү» деп шекшинет. Кара атчан кара атын кара терге түшүрүп таштуу жолдо катуу чаап келатат.

– Катүгүн тетиги келаткан ким, карагылачы? Дагы эмне болуп кетти?

– Биздин жерлик эмес башка киши экен го.