– Деги тынччылыкпы ким болду экен?
Кара атчан боз үйлөрдү жанына келип:
– Эй, тоолуктар ай, тоолуктар кадыр барктуу оёздун кишиси келатат. Күтүп алгыла! А мен оёзнойдо иштеген приставмын. Кабар таратып баратамын. Оёзой кетип баратканда баарыңар жатып башыңарды жерге тийгизип таазим кылгыла.
– Ой, оёзнойдо иштеген ким келатат?
– Ким деген эмнеси мырза Токарев жана оёзнойдун ишенимдүү адамы Чоңбоку ачендик өзү келатат. Улуу мырзанын урматына жол боюнда туруп башыңарды ийгиле, -деди пристав ары чапкылап, бери чапкылап жол боюнда элге кыйкырып жүрөт.
Көп өтпөй тээ алыстан үл- бүл эткен караан көрүндү. Эки атчан катуу чаап келатат. Алардын артында эки ат чегилген трашманке зымырай закымдап келатат. Эки атчан бат эле жете келди. Алар кыргыз экен. Кебетеси оёзнойдо жасоолдор шекилденет. Тачанкада коңгуроо шыңгырап, эң эле салтанаттуу келатат. Баардыгы ошол жакты карап кандайдыр бир жаман сезимге чулганып турду. Тачанканын алдында бир жасоол жол боюнда турган адамдарды камчы менен май куйрукка чаап: -Жолдон ары кет, оёзной шашып келатат,-деп кыйкырат.
Элдин баары тачанканы анын алдында келаткан жасоолду таң кала карашты. Тачанканын алдында эки-үч жигит аты менен аны ээрчип чаап баратат.
Ошол кезде бир жигит бир нерсени байкабай аты менен жолго чыга калды эле алдыда келаткан жасоол жигит аны аркага камчысы менен чаап:
– Жолдон четте, жолго турба,-деп кыйкырды.
Корккон жигит аты менен жол четине карай качты.
Бир кары адам:
– Оо, кокуй ушундай да болобу,-деп кыйкырынды.
– Караңгүн булардын көздөрү эле оолжуп жыбылжыйт мас немелер го.
– Тачанкада катынпоз, сыйды жакшы көргөн паракор ачендик кетип баратат.
– Анын капталында бир нерсе салпактап кетип баратат тапанчасы окшойт.
– Атаңын көрү булардын күчү ошол капталында салпактаган тапанчада тура.
– Ооба чоң ачендиктердин күчү ошол тапанчада. Керек болсо анысы менен атып салышат. Орустарга таянып, кем акыл Чоңбоку тырактап жаман көптү го дайыма жүргөн жеринде бүлүк салып, бир балакетти баштаганы баштаган.
Элдин баары ушул жаман жагымсыз көрүнүштү көрүп жүрөктөрү үшүп калды. Элге орустар жүргөн жерде бир жаман окуя болчудай сезилип кады. Тачанкадагылар узап кетип, алардын артында уюулгуган чаң калды. Ошол топтун арасында бөрк ал десе баш алган Чоңбоку сырактап кетип баратат. Тачанка сууну кечип, бурула берип, чоң боз үйлөрдүн жанына келип токтоду. Меймандарды, билермандар, аксакалдар тосуп алды. Тачанкада оёзной Токарев, анын жардамчысы Михалков, жана тилмеч Нигматуллин, ошону менен аларда иштеген Тилекматтын уулу котормочу Чыныбай келди. Айыл аксакалдары меймандарды кол созуп тосуп алышты. Меймандарга тамак аш күн мурун даярдалып коюулган. Үстөлдүн үстүндө эмне деген гана тамак аштар жок. Жылкынын чучугу, казы, карта, койдун куйкаланган эттери, боор, куйрук, май жайнаган жер-жемиштер. Меймандар жай алып, ачка кагансып, тамак аштарды апылдатып жей башташты. Тамак жеп жатып ичкиликти кылкылдата жутуп жатышты. Токарев жылкынын чучугун бүтүндөй кармап ырахаттана жей баштады ал аракты көп ичкендиктен сөздөрү билинбей былдырттап чыкты:
– Ой, конный чочок как вкусный. Жанындагылар чучукту чочок деп айтканына күлүп калышты.
Нигматуллин
– Василий Акенович это не чочок а чучук.
Токарев оң колу менен чучукту соройто көтөрүп:
– Это не чучук настоящий чочок, большой чочок, это конный сала -деп айтты ырсалактай күлүп. Беркилер ого бетер ыкшып күлүп жатып, этти да аракты да калтырбай аймап жатышты
Анан Токарев, Михалков, Нигматуллин, Чыныбай төртөө кумар ойноп киришти. Кумар ойну көңүлсүз болуп кетти окшойт бир кезде оюундарын токтотушту. Мас болгон адамдар айылдан кичине ары барып, таш моло коюп мылтыктары менен ата башташты. Орустар аябай кызуу болуп калышкан. Михалков Чоңбокунун артына мине калып, Ну…ну.. ат кылып темине баштады. Чоңбоку кызарып, татарып, Михалковду күлүк ат болуп көтөрүп жүрдү. Буларды көрүп адамдар боору эзилгенче жыргап күлүп жатышты. Бир кезде оёзнойдун башына бир сезим келдиби, боз үйдүн үстүнөн чыккан түтүндү көрө калып, ошону атам деп оолукту. Дагы кимди атып салат,– деп Чыныбай коркуп кетти. Токаревдин мылтыгын талаага буруп:
– Тетиги аркандалган эшекти ат,– деди. Оёзной эшекти көрүп кубанып:
Мас адам тантыр-мунтур сөз сүйлөп:
– Ой, горный архар, надо стрелят,– аны көпкө мээлеп атып калды. Ок анын үстүнөн кайып кетти. Эшек такай менен үркүп ары качты, бирок арканы аны такыр коё бербеди. Токарев качкан эшекти көрүп аябай боору эзиле күлдү. Чыныбай мылтыкты алам деди эле мас адам мылтыкка жулунуп атам деп чыр чыгара баштады. Мас адам мээлеп туруп эшекти атты эле ок такайга тийип жыгылып тыбырап жатып калды. Токарев кубанып: