Выбрать главу

Ошондо бир карыя кеп салды:

– Айланайын Чыныбай антпе, сен касиеттүү адамдын уулусуң, туугандан-тууган, уруктан урук бөлүнүп эми кайда самсыйбыз. Бул жерди мүйүздүү энебиздин буту баскан. Көлдү ушул жагы биздин үйүбүз. Өзүң деле ушул жакта төрөлүп, ушул жерде өскөн элең. Сен биздин уулубуз элең го.

– Түшүнүп жатам урматтуу карыя, муну мен айткан жерим жок,тетиги мас болуп жаткан оёзнойго кайрылып көргүлө. Бул чечимди ал да чыгарган жок, бул чечим тигил эле Россиянан түпкүрүнөн келген чечим экен. Ак падышанын чечими тура. Аны булар дагы өзгөртө албайт. Ушунча чоң жерди орус каратып келатат. Казактарды улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз деген хандыктар бар эмеспи, алар дагы орустарга баш ийди, чукулда буларга Кокон хандыгы да баш ийиет. Орустар көп көптүгүн салса дагы жеңип алат. Алар улуу эл.

Бирөө айтып калды.

– Улуу эл болгону үчүн арак ичип алып боз үйдө чалкасынан түшүп уктап жатпайбы.

Баары күлүп калышты.

Аялдар:

– Жүрөгүбүз түштү оёзной биздин боз үйдү атмай болду. Боз үйдөгү бизди атып салабы,-деп корктук, атып салса өлмөкпүз.

– Жок ал боз үйдү эмес, боз үйдөн чыккан түтүндү атам,– деди. Баардыгы күлүп калышты.

– Түтүндү дагы атмак беле келесоо го.

– Оёзной ачендик такайды атып таштады. Эми анын этин жейт окшойт. Булар чочконун этин жешет дейт.

Баары күлүп жатышты.

– Мунун аты эшек аткан ачендик болду.

Баары кайра күлүп калышты.

– Абайлап сүйлөгүлө такайдай кылып бизди атып салбасын. Ортону күлкү аралады.

– Оёзной ичсе ичкендей ичет, атса такай аткандай атат, ырдаса ырдагандай ырдайт. Эт жесе казы, картаны жегендей жейт.

Кайрадан күлкү.

Миңжашар карыя сурап калды:

– Чынабай балам, тагыраак айтча биз көчүп кетсек бул жерге кимдер келет.

– Орустар кристиандар келип бул жерге жай алат.

– Алар деле биздей адамбы?

– Өңү, түзү ушулардай эле эл.

Орустар дегенде баарынын денеси ичиркене түштү. Алар келсе эле буларга кордук көрсөтөт деген сезим пайда болду. Аларга кор болбой кетели дегендер чыкты.

Бир карыя айтып калды:

– Айланайын Чыныбай балам, жердеги тамакка асмандагы куш конот экен. Оёзнойго бирдеме берсек бизди ушул жерге калтырабы?

– Аны мен сүйлөшүп көрөйүн, бул маселени ал өзү чечет,– деп жоопкерчиликти ал өзүнөн алыстатты.

Эртеси оёзной тилмеч аркылуу эл менен аңгемелешти. Ошол эле күнү алар Караколго кайтышты. Чыныбай оёзнойго элдин оюун айтыптыр ал макул болгон экен. Муну кайра Тилекматтын уулу карыяга айтып берди.

Эки-үч карыя эл менен кеңешти. Эл да макул болуп колунда бар байлыгын чогултуп, карыялар Караколго келишти. Алар Чыныбайга жолукту. Чыныбай карыялардын көзүнчө чогулткан байлыкты оёзнойго берет.

Бирок туура бир жыл өткөндөн кийин пристав жасоолдору менен элге келип, Тынымсейит, Алсейиттин балдарын жана башкаларды бул жерден көчкүлө деп кыйнай башташат. Баягы берген параны эл алдатып жиберген экен. Кыдыктар Тоңго, Арыкмырза тукумдары Көтмалдыга, Тынымсейит уруусу Нарынга карай самсып жөнөштү. Эл башка жерге барыш үчүн жер чалып киришти.

Ошол жылы жаз эрте келип, жердин тоңу кар аралаш ала-шалбырт менен эрип, саздарда калың туман көтөрүлө, алгачкы көк чөп кылтая баштады. Көк чөп кууган кой, токтоло жайылып, малдын денеси күн нуруна жылынып, магүрүм жер үстүнө жылуулук толук келди. Ошентип бул жылкы жаз да башталып, жаз менен адамдар өз жашоосун улантып жатты.

Чыныбай иштен сүрүлүп кетпейин деп, бийликтеги орус адамдарына кошомат кылып жатты. Ал орустардын жерден көчүрүү саясатын жактап кала берди. Чыныбай көлдөгү Белек менен Теңизбайдын тукумдарына келип, «Бул жерден Нарын, Ат Башы жакка көчкүлө» деп айтты. Бул уруулар алдуу, күчтүү адамдар эле.

– Эй, сен ушул жердин адамы болсоң, биз дагы ушул жердин адамыбыз, тийишсең энчиңи алып каласың,-деп мойнобой коюушту.

Алардын арасында алдуу-күчтүү адамдар бар эле эгерде Чыныбай тийишсе, жазасын кайра берип коймок.

Кысымчылыкка Беккулу атанын балдары дагы калышты. Эл башка жакка конуш тандап жаткан соң, баары тынсыздана башташты. Аларга да жакшы конуш керек эле.

Ошентип Түмөнбай менен Абадан жакшы конуш тааап келишти. Жаңы конушту жакшылап байкап келиш үчүн дагы бир топ аксакалдар, жигиттер ат минип Көңдөй жерине келип баш аягын байкоого алышты.

Боор эти менен бүткөн жерден кетүү баардыгына оор болду. Эркектер дөбө-дөбө түзөң жерлердеги тай минип чапкан жерин, көч көчүргөн аймагын карап коштошуп жатышты.

– Көчсө көчөлү, башка арга калбай калды.

– Эмне кылабыз колубуздан эч арга келбей калды.