Выбрать главу

– Балама эмне болду мынча кечикпейт эле го?

Ал кошунасынын үйүнө келди. Болгон окуяны айтты. Үйдөгүлөрдүн баардыгы бушайман боло баштады. Айрыкча ата бушайман болуп балдарына:

– Эки жакка чыгып карагылачы, бир жерде болбосун, балким кечигип жаткандыр.

Кошунанын балдары көп жерди кыдырып чыгышыты.

– Сулайман кайдасың?

– Сулайман…

– Сулайман… Сулайман…

Ушул ат айланага тарап жатты.

Жооп жок. Бир гана мемиреген тынчтык.

Көп жерди кыдырып балдар үйүнө келишти. Кошуналар дагы, эне дагы уктаган жок. Балага эмне болду…? Качан келет…?

Эне үргүлөп уктап кетет. Элес-булас түштөр кирет. Бирде баласын көрсө, бирде карышкырды көрөт. Айтоор чалды-куйду элестер. Эне оордунан туруп, сыртты карайт. Караңгы түндө «балам келип калабы»– деп, эки жакты элеңдей берилүү менен тыңшайт. Баласын жаманчылыкка эч убакта кыйбайт. Эненин жүрөгү шекшимал тартып кандадйдыр бир нерседен коркот. Бирок көңүлүнө кайрадан үмүт жанат. Балким келип калаар. Ал тирүү эле. Тирүү.

Ошентип таң супа салып, жылдыздар сапарга кетип, ак чабарман келип жерге жарык нуру төгүлө баштады. Кошуна Алаштын, Ысабектин балдары эки жакка сапарлап чыгышты. Чоң чокуга барды баардык жерди кыдырып көрүштү. Акыры асканын түбүнө келип, муздап калган жигиттин сөөгүн табышты. Эне менен ата аябай кейип алардын күнү түнгө айланды.

Аскадагы назик гүл самаганына жетпей калган. Ал шамалда кыймылдап, дир-дир этет. Арманын айтайын дейт. Бирок арманын айта албай калган. Эне менен ата багат деген уулунан айрылып эсине келип-келбей турду.

Бул жердеги адамдар ошол жигиттин аты өчпөсүн деп асканы «Сулаймандын аскасы» деп атады. Улуу аска бой керип турат. Бул жерди кимдер гана көрүп өткөн жок. Ал биздин ата-бабаларыбыздын тарыхы.

Ошол аскадан учуп өлгөн мерген жөнүндө мындай бир ыр жаралган

Учуп кеткен жаш мерген,

Улар алам деп аскадан.

Жалбарыңкы тагдырды,

Жаратканым ыйгарган.

Жаратканым адамдын,

Кайгысын сезип ар чакта.

Жаш мергенди жоготуп,

Жашын төгөт карт аска.

АТЫГАЙ АТА

Беккулу атанын тукумдары Тоңдун үстүнкү өрөөнүндөгү Кара Көңдөйдү конуштап, бул жердин сырын жакшы эле билип калгандай болушту. Бул аймак аларга түбөлүк ырыскыга берилген жердей болду. Же аталар мал багып, энелер бешик терметип, бешик ырын ырдашып, Беккулу атанын тукумдарын чоңойтуп, ушул жер шарындагы бир кичинекей жерин байыр тутуп жашап калышты.

Түмөнбай айтты:

– Бул Кара Көңдөй жер биздин ырыскыбыз ушул жерден биздин кийинки тукумубуз таралат.

Кулет ата бакылдады:

– Кара Көңдөй бешикке окшош жер ушул жерден тукумдарыбыз таралат.

Канай бакылдады:

– Биз эми башка жакка кетпейбиз.

Ураалынын жээни Жаркымбай айтты:

– Көп эле жерди көргөм мындай сонун жерди көрбөгөм.

Аймандын уулу Абылай айтты:

– Жайлоолору эмне өзүнчө эле ыр ташкындап турат. Кийинки балдарыбыздын киндик каны ушул берекелүү жерде калат.

Беккулу атанын тукумдарынын ичинен Түмөнбай, Канай, Кулет, Абылай, Жаманак, Боштай ушул адамдар бир-биринен өткөн ата-бабанын санжырасын сүргөн адамдар эле. Койсойбостун уулдарынын ичинен Канай тың чыкты. Башка журттар менен алыш-беришти жөнгө салып турган. Бөргөтөн менен Эсенгул ары чечен ары акын чалыш болуп өстү.

Биздин эми сөз кылуучу баяныбыз Мамай атанын уулу Атыгай атанын акыркы тагдыры жөнүндө баян куруп кетмекпиз. Атыгай атанын жайкы жайлоолору: Тепши, Чоң-Тепши, Котур- Төр, Күн-Тийбес, Чоң-Таш андан аркы жайлоолор. Анын балдары, неберелеринин ушул жерде көпөлөк кууган издери, кой кайтарган күндөрү эстен кеткис болуп калды. Атыгай ата сан жылкылуу, койдон күттү канчаны, уйдан күтүп канчаны күтүрөгөн мал жандуу болуп калды.

Бул күндөр улуу үркүндүн асты эле. Кыргыздарга жебирейил азап күндөр жакындады. Казак орус деген пайда боло баштады. Алар кыргыздарды таш доорунда жашаган маданятсыз жапайы эл деп эсептеп, жер үстүнөн кырып салып, турагын ээлеп алгысы келди. Америкадагы индецтерди актар кыра баштады. Алардын байыртадан бери жашап келген жерлерин тартып алып жапырт жогото баштады. Такыр кырылып түгөнбөй койгонда ал элге чечек ар кандай оорулардын түрүн таратып, аёсуз канкордук менен жоготууга өттү. Ушундай эле кыргын Австралия материгинде болуп жатты. Орустардын жери бир кезде аз эле болгон эми бүтүндөй Сибирди каратууга өттү. Ал жердеги кыргыздардын бир уруусу болгон алтайлыктарды, кахастарды, шорлорду жана башка элдерди кырып жок кылып, християн динине сордоп өткөрүп, а түгүл алардын атын такыр өзгөртүп, Иван, Алексей, Василий, деген орустун аттарына зордоп өткөрүп өздөрүнүн ата-тегин, байыркы санжыраларын такыр унута баштап алар чочко жеген орустарга айланып чыга келди.