Атыгай атанын абалы аяба начар болуп турду. Узак жашка келип, ушундай оорусуна карыя аябай өкүндү.
– Түш түш болбой калсын жанагы боз үйлөрдү сүзгөн өгүздөр кирди эле, эл чайпалып азапка батат экен ээ. Караң катыгүн. Балдарым мени алачыкка калтырып ушул эле жерге таштап кеткиле узак жолдо силерди кыйнабайын. Өзүм да кыйналам го. Өлсөм тынч өлүп калаармын.
– Жок ата, биз аман турганда сизди талаага кантип таштайбыз.
– Эл журт эмне,– дейт.
– Ушунча бай киши эмне талаада калмак беле. Кыргыздар орустар эмес кара кытай, калмактардын чапкынында деле калбады беле.
Атыгай атанын: Тына, Тынай, Акун, Акмат, Асылбек деген балдары бар эле ата балдарын колдон суурулма тың кылып үйрөткөн. Мал сал, жылкыларын айдап көчүп жөнөнштү. Тынайдын кабелтең жоош тору аты бар эле ошого мингизип жөнөп калышты. Алар көчүп, конуп отуруп көп жолду арытышты. Жолдо калмактар менен кагылышуу болду. Көчүп бараткандар алар менен кагылышып кээ бирлери шейит кетишти. Алар адам көрбөгөн тозокту көрүштү. Атыгайдын балдарынын көчү Балгарт суусун кечип, аркайган Ак- Өгүз ашуусын ашып, Туура- Суу, Шибелүүнү өрдөп, Тарбагатай тоолоруна келгенде карыянын абалы өтө оордоп калды.
– Оңоло албай калдым, Көңдөйгө да сөөгүм буюрбады, ата бабам көрбөгөн жерде сөөгүм калат го.
Балдарга оордук кылбай эле кете берсем дейит. Бирок тагдыр деген тагдыр да. Каралдыларымы оордук кылып жүдөттүм го. Бай ата ат үстүндө баратып үргүлөп кетет.
Башкалар Атыгай атанын балдарына:
– Атаңарды кор кылбай талаада таштабагыла, силердин эмгегиңерди кудайым көрүп турат. Жараткандын буйругу бар эмеспи. Ата-энесин мекеге деле көтөрүп баргандар деле бар эмеспи.
Канча кылса да карыянын балдары эстүү эмеспи атасын балдары абышканы кор кылып талаага таштабай алып кетип баратышты. Карыя ат үстүндө өңөртүп, уйку соонун ортосунда кетип баратты. Кээде үргүлөп, кээде соо болуп эки жакты карайт. Кээде эс-учун жоготуп жөөлүп кетип жатты. Алар Тарагай тоолоруна келишти. Бул тоодо арча, кайың, карагай түркүн өсүмдүктөр өсөөр эле. Тоодон башталып өзөн суулар агып жатат. Атыгайдын көчү ушул берекелүү жерде орун алып калды. Атыгай ата ошол жерде бир кызык түш көрдү. Ата жер жайнаган жылкыларын Арпа -Тектир, Ат- Жайлоодо жайып жүрүптүр. Ал баягы Тору кашка күлүктү минип жүрүптүр, эртеси көңүлү ачык жайдары ойгонду да балдарын жанына чакырды.
– Балдарым, быякка көчөрдө эң жаман түш көрдүм эле, түндө жакшы түш көрдүм мен Арпа -Тектир жайлоодо Тору кашка атымы минип жүрүптүрдүм. Анан эле Бүтөбай атам «кыйналып кеттиң келгин» деп чакырып жатыптыр. Мен ушул жерден кетет окшойм, силер кайра аман –эсен жериңерге барат окшойсуңар,– деди карыя демигип, анан кашын бир сылап алды да, кайра кебин улантты: – Башымдагы бир арманым, сөөгүм касиеттүү Кара Көңдөйгө коюулса болот эле, андай болбой калды. Эмне кылам тагдыр ушул экен. Ичеер суум көрөөр күнүм түгөнгөн экен. Эми ушул оор капсалаң бүтүп, туулган жерге кайра барсаңар экен. Эл журт бириксе экен. Менин каалаганым ошол. Карыя демигип кетип айтаар сөзүн токтотту. Алар кудай арбакка жалынып бир тай союушту. Ошол эле күнү таң эртеңде сүйлөп эле отуруп Атыгай ата жол салып чын дүнөгө кете берди. Балдары Тарагай тоону жаңыртып өкүрүп, келиндери кошок кошуп киришти. Ошол жерде чоң дарактын түбүнө бир жалгыз мүрзө пайда болду. Көп өтпөй жакшы кабар келди. Ак падыша тактан түшүп оордуна башка жаңы падыша келиптир деген кабар келди.
Азап- тозокту көргөн качкындар кайра өз мекенине кайтып келатышты. Ошентип улуу тоолордун арасында бир мүрзө кала берди. Ал мүрзөдө жаткан адамды тукумдары кантип унутмак эле. Алардын тукумдары деле ата-бабанын санжырасын унутпай айтып келатышкан эле. Атыгай атанын тукумдарынан белгилүү элге-журтка тирек болоор тукумдары чыкты. Ошол Көңдөй жеринде Атыгай ата турак кылган Атыгайдын колоту деген колот бар ошол колот менен басып бараткан урпактар ошол атанын элесин ар-дайыма эстешет. Беккулу атанын тукумдары анын атын унутпай айтып келет.
АК БАТА
Коңур –Өлөң деген жерде, саяк деген элде бир чоң бай аш берет деген сөз эки айдан бери Тоң элинин аяк-быягына тарап кетти. Ашта ат чабыш, жорго жарыш, кыргыздын ар түркүн оюндары болот деген аңыз көңдөйдөгү кара көйнөк тукумдарына да келип жетти. Кара көйнөк элинде ат таптап, жорго салдырган бай адамдар бар эле. Чабандестер аттарын таптап, жоргосун суутуп байлап, ашка катышканга кам уруп жатышты. Шоңко атанын тукуму Сүйөрдүн уулу Эсенгул ары чабандес, ары мүнүшкөр адам эле. Анын ат таптаган саяпкерлик өнөрү көп жерге белгилүү болгон. Ушул эле көңдөй айлынын белсемдүү адамы Түмөнбай эки күлүгүн камдап жатты. Анын Тору аргымагы кетмен туяк кең сору, көкүлүн көккө серпип, калың жалдуу куйруктуу жаныбар болчу. Экинчиси Акжелек кулжа моюн төгөрөк, бул жылкынын көкүл жалы узун, мойну боёп койгондой аппак ал эми көкүрөгү жону буттары чаар ала, сом туяк келген чоң жаныбар эле. Башы ак желекке окшош ыйык жаныбар марага чуркап келе жатканда бирөө желек булгап келаткандай шекилденип көрүнчү. Анын чуркап келатканы бир керемет укмуш. Ошол үчүн « Акжелек» деген ат ага ылайыктуу коюлган. Дагы бир көңдөйдүн байы Атыгай анын көп жылкысы болуп, алардын ичинен Куларгымак бар эле. Жаныбар Манастын Аккуласына окшошуп турчу. Анын карааны алыстан көрүнүп, бир караган адамды мыкты тулпар экен деп улам-улам суктанта карап турчу. Элде мындай бир имиштер айтылган. Ошол ат кулун чагында мындай бир окуя болуптур. Атыгай орто курак кезинде Кочкор жерине бир иштер менен Элебес байдын үйүнө барып калат. Бай менен жакшы ыкласта алыш-бериш соода кылат. Кетеерде ошол Элебес бай Атыгайга: