Выбрать главу

– Атыгай үйүмө келип, эки-үч жолу даам татып жакын болуп калдың, эми бобереги жайнаган жылкыдан бир жакшысын тандап жетелей кет, жөн кетпей,-дейт.

Анын жылкылары көп эле Атыгай үйүрдү ар жагына бир чыгып, бери жагына бир чыгып, ылайыктуу жаныбарды карап жатты. Анын кыраакы көзү ары-бери тынбай ойноп турган бир тайды көрдү. Атыгай бирге жүргөн жигити менен үйүрдү жыйра айдап тайды кармап:

– Касиеттүү байым, сизден анча деле көп нерсени сурабайм, болгону бобу жабаганы мага ыйгарып койсоңуз болду,– деди сылык түрдө.

Бай көп жылкы күткөн менен жылкы күлүгүнө анча сынчы эмес эле, «сөлпөйгөн бир тайды алды, мынча болду керилген эле жылкыны албайбы» деп ичинен аяп турду.

– Ой, Атыгай башкасын эле алсаңчы, бул жолдо баспай сени мүшкүл чектирет го,-деп аяп.

– Жок байым, жылкыңдын ичинен ырым кылып, ушуну эле ала кетейин,-деди оң колу менен кара мурутун сылап.

Бирок кыраакы байдын атасы бул тайдын даңазалуу күлүк болоорун ошондо эле билип койгон. Байдын атасы ичинен өкүнүп:

– Ай болбостур мейли эми байкоостук кылдык ушунча жылкынын ичинен касиеттүү адамдан бир жаман тайды талашканда болбойт. Бирок бул кулундун куну ушунча жылкыга барабар,– деп өкүнгөн экен.

Ошол иш ошол болду.

Ошентип Атыгай Элебес байдын Кула кулунун менен айлына карай жол арбытып жүрүп отурду. Кула тай жолдо баспай кержейип азапка салып жүрүп отурду. Алар араң деген айлына жеткен экен. Андан бери токтобой жер күндү айланып, далай мезгил артта калып, ошол кержейген тай Кула аргымакка айланды. Анан дагы бир мындай аян болуп өтүптүр. Атыгай ошол күлүктү таптап жүргөн чагы экен. Бир түнү түн ортосунда ээси эшикке чыкса, ак калпакчан бир карыя күлүктүн жал-куйругун сылап жатыптыр. Ээси аны таң кала карап турду. Анын карыя жумшак колу менен жылкынын ашказанын жай акырын сылады. Аргымак кыйналып-керилип чоюулуп, аянычтуу үн чыгарып каткан кыгын таштап жиберди. Ээси «эмне кылаар экен» деп карап турду. Ошондо күлүк тегин эмес колдоочу саяпкери бар экенин билди.

Эми кайрылып ошол ашка келели. Береги саяктардын ашына көңдөйдөн Эсенгул Кара торуну, Түмөнбай Акжелек менен Тору аргымакты, Жантай Карагер күлүктү, Атыгай Кула аргымагын алып чыкмай болушту. Балбан күрөш, улак тартмай жана башка оюндарга катышабыз деп жыйырмадай киши шатыра-шатман жөнөп калышты. Күлүк аттар менен бат эле аш берилүүчү жерге жете келишти.

Аш шааниси жакшы өтүп жаткан экен. Ак жуураттай болгон боз үйлөр. Эт бышырып ары-бери чуркап жүргөн жигиттер. Үнү заңкылдаган жар чакырып жүргөн пенделер. Бир аздан кийин аксакалдар кудайдан бата тилеп аргымактар коё берилди. Алыска талыбас куштай закымдап учкан аргымактар. Ээрге бекем минип, башына ак жоолук байланган тың чыкма чабандестер. Күлүктөр закымдап учкан куштай кетип баратат. Ал арада балбан күрөш, ордо атыш, төө чечмей, кыз куумай, улак тартмай дагы, дагы толгон оюндар болуп өттү. Күлүктөр эмне болду деп тынчы жок жер тыңшаар маамыттар жата калып, тура калып жерди тыңшап жатышты. Аңгыча жер дүңгүрөй көчүп, бир топ убакыт өтүп, туяктар тапырата жерди сабаган тулпарлардын дабышы жакындап келатты. Жер тыңшаар маамыттар айтып жатты:

– Аргымактар келатат, буудандар келатат,– деп жарыя айта башташты.

Дүрбү салган адамдар дүрбүсү менен оң имерип бир карап, сол имерип бир байкап жатты. Алдыда Баатыркандын Кара аты кеалатат. Жарыктыктын буту жерге тийбей асмандап учуп күйүп келаткандай сезилет. Анын артында Байсейиттин Актуягы куйрук улаш келатат. Анан биринин артынан бири болуп ээрчише келаткан күлүктөр. Чаң уюулгуп улам жакындап аш берген жакка келаткандай. Күлүктөрдүн дабышынан жер дүңгүрөп тынбай көчөт. Жер тыңшаар Маамыт бутун тыбырчалатып, жата калып жерди тыңшап « Бирде кара ат алдыга чыкты десе, бирде Кула аргымак алдыга чыкты» деп жарыя кылып жатты. Чабандестер кызыган аттарын эми накта камчылап, жер өлчөмүн так аныктап, кээ бири атынын тизгинин тартса, кээ бири акырын солгундата тартып келатат. Кара көйнөктүктөр дүрбүсүн алып караса эч дарек жок. Алардын жан дүнөсүн кубаныч аралабай шаабайлары сууп калды. « Ушундай да болобу, жок дегенде бир атыбыз чыгып келбей калабы» деп, дендароо болуп турушту.