Баамчыл Түмөнбай менен Эсенгул:
– Балдар ат тизгинин коё береер чак келе элек экен.
– Ошондой кылсын азыр коё бергенде болбойт. Алар чарчап марада башкаларга алдырып жибериши мүмкүн.
– Бир аздан кийин ат тизгиндерин коё беришет.
– Балдар туура аныктап жатышат.
– Иши кылып Беккулу атанын талы колдоп, биздин күлүктөр чыкса экен.
– Ошондой десең, Беккулу атанын арбагы, Мүйүздүү эненин касиети жар болсун!
– Ой, ким билет Баатыркандын күлүктөрү тың сыяктанат. Анын жылкылары дабан жарган мыкты күлүктөр эмеспи.
– Байсейит байдын күлүктөрү да мыкты.
Түмөнбай, кара мурутун сылап, калпагын оңдоп кғийип, ойлоно айтты:
– Менин баамымда Баатыркандын күлүгүнүн үч сууту кем экен. Кандай болоор экен марага чукул алардын жүрүшү жайлайт го.
Эсенгул Түмөнбайдын баамчыл ары аяр, ары сынчы экенин билчү. Ал ичинен ойлоп жатты «Буюрса Түмөкемин айтканы эле келет го» деп.
– Ошондой эле болсун Түмөке Беккулу атанын талы колдоп биздин күлүктөр чыгып кетсе гана.
Экөө ойго батып унчукпай калышты. Бир топ убакыт өттү. Күлүктөр марага алып-учуп кирип келатат. Ат үстүндө чабандестер күлүктөрүнө удама –удаа камчы урат. Чечүүчү мезгил өтө жакын калды. Чаң чубалып, аш берген жакка карай келатат. Эң алдыда Түмөнбайдын Акжелеги келатат. Ал аш берип карап турган элге желек булгап келаткандай чоң майрамдык шаани, кубанычты белгилеп тургандай болду. Үстүндөгү чабандес да кара көйнөк, ак жоолук байланган тың бала экен. Атына удама-удаа камчы уруп келатат. Анын артында Кула аргымак каалгый, туягын жерге мылгытып, көкүлүн көккө ыргытып сыймыктуу келатат. Кара байыр казанат, мактаса кеп жарашат талыбай чуркап алган экен. Экөөнүн ортосу эң эле жакын тизгин улаш келатат. Куланы минген Тынайдын баласы, тың чыйрак аттын кулагы менен тең ойногон бала, күлүккө олбуй-солбуй камчы уруп келатат. Анын артында Эсенгулдун Сарыторусу кыска моюн туу чукак жаныбар экен. Кулактарын жапырып, буту менен жерди сапырып келатат. Андан ары Баатыркандын Кара аты келатат. Тал жибектей куйругу шамаалга чубалат. Сай—сайлап жүнү бөлүнүп, аркардай көзү кызара келатат. Анын артында Жантайдын Кара аты келатат. Күлүктөрдүн келатканын көрүп кара көйнөктүктөр аябай жыргап, асманга секирип, эки алаканын бир-бирине ургулап кубанышат. Түмөнбай өзүнчө эле дердеңдеп, Атыгай ага күлө карады:
– Беккулу атамын арбагы колдоп Кула аргымак чыкса экен.
– Талашым жок кайсынысы болсо, ошонусу чыксын иши кылып Беккулу атанын күлүгү чыкса болду. Бизди атанын талы колдосун.
Бирок күлүктөр улам кызый чуркап орун которуштуруп жатышты. Биринчи болуп, Акжелек булгап, ашка чоң салтанат жаратып, Акжелек аргымак чыгып келди. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала марага эки колун көкөлөтө шаңдуу чыгып келди. Түмөнбай минген атын таштап. «А кудайлап чуркап барып, күлүгүн тосуп алды. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала шамдагай түрдө жерге түшүп, Түмөнбайды кучактап калды. Түмөнбай баланын оң бетинен, бир өөп, сол бетинен бир өөп баланы таштап, күлүгүн чуркап жетелеп суута баштады. Экинчи болуп Атыгайдын Кула аргымагы келди. Ал биринчи келмек эле эмегендир ашказанынан жабыр тартып калган шекилденет. Үчүнчү болуп капталында канаты бар, Баатыркандын Кара аты чыгып келди. Үстүндөгү бала кара атка окшошуп чылгый кара кийинген экен. Баатыркан күлүгүнүн артта келгенин кападар болуп турду. Ал саяпкерди жемелеп да жиберди.
– Жакшы тапталбай калыптыр, бу саам кара көйнөктүрдүн күлүгү кара тулпарымды артка сүрүп таштады,– деп капаланды.
Төртүнчү болуп, Шоңко Сүйөрдүн уулу Эсенгулдун касиеттүү Сарыторусу учуп күйүп чыга келди. Ушунча күлүктөрдүн ичинен анын төртүнчү болуп келиши да чоң кубанычты жаратты.
Эл бир ооздон кыйкырып:
– Беккулу атанын күлүктөрү бринин артынан бири чыга келди.