Выбрать главу

– Кагылайын Баргы келиним мына журт көрүп турат, булардын кимиси улуу, кимиси кичүү,– деп балдарды тууган энесине кайрылды.

Ошондо Баргы айым карылардан ыйбаа кылып, башын жерге салып айтты:

– Агуул оң бөйрөгүмдө болчу ал биринчи төрөлдү, Кубул сол бөйрөгүмдө болчу ал андан кийин төрөлдү,-деген экен.

Ошондо сакалы белине жеткен жүз жаштан небак ашкан карыя акылман сөзүн айтып турду:

– Кагылайын Агуул сен оң бөйрөктө жатып биринчи төрөлүпсүң, Кубул сен сол бөйрөктө жатып экинчи төрөлүпсүң. Кыргыз салты бюнча улуусу эл башкарат. Анткени жол улуулата келет да. Ал эми сен Кубул бул атадан калган дүнөгө ээ болгун бирок, байлыктын баарын өзүң албай эл менен бөлүшүп, эл менен туугандарың менен бирге болсоң кор болбойсуң. Эл бактылуу болсо, силер да бактылуу болосуңар. Ата-бабаңар эл башкарып, журтту тескеп жүргөн кишилер болчу, силер дагы чабышпай ошолордун жолуна түшүшүңөр керек,-деп карыялар туугандарга акылдуу сөздөрүн айтып, эненин сыйын көрүп, бата берип, чыгып кетишти.Тарыхта Агуулдан төрөлгөндөр оң, ал эми Кубулдан төрөлгөндөр улама боюнча сол болуп айтылып калган экен.

ТАГАЙ БИЙ ЖЕ МУХАММАД КЫРГЫЗ

«Санжыра элди бөлбөйт бириктирип жети

атасынан кабар берет».

Кыргыз эл макалы.

***

Алтын жерден чыгат,

Азамат элден чыгат.

Байыркы кыргыз эл макалы.

***

Тагай бийдин атагы

Далай ирет айтылды.

Анын атын билбеген,

Араңарда жан барбы?

Долон бийдин уулу Агуул башынан токтоо оор басырыктуу болуп, атасынын тарбиясында баатыр чалыш өстү. Антпегенде кантмек эле бир жагынан калмак, монгол татарлардын жортуулу башталып, кыргыздардын башына караан түн түшүп турган. Ал заманда балалуу болуп, аны чоңойтуу азап болчу. Анткени эки күндүн биринде душмандын чапкыны чыгып, колго түшүрүп, кул же күң кылып коёт. Жана тогуз ай көтөрүп денесинен чыккан баласынан айрылуу эне үчүн кандай тозок жана кайгы. Ошондо мындай армандуу заманда кыргыздар ыр чыгарышкан.

Кырларда кайыңдардын бетинде,

Тамга жокпу кыргыз балта чаппаган.

Өрөөндөрдө, жылгаларда, сайлар да,

Кыргыз жокпу кыргын болуп жатпаган.

Бул ырды акындар кыргыз эли азап-тозок көрүп жүргөн чагында жаратты. Бул ыр таштын бетине, аскаларга чегилип арман ыр болуп калды. Бул ыр адамдардын жүрөгүнө калып, муундан-муунга кайгы ыры болуп кете берди. Бул ыр тээ байыркы заманда жаралып, азыркы муундар кайгырып, капаланып окуп жүрөгүндө өткөндөн муңдуу элес калгандыгы сезилет.

Тагдыр жазып койгонбу Агуулдан: Адигене, Тагай, Моңош жана Наалы эже төрөлдү. Тагай төрөлгөндө атасы аябай сүйүнүп:

– Жоо жакадан алып турганда эркек тана болгону жакшы. Аман- эсен болуп, душман сүрбөсө да ат кайтарып берсе болду,-деп кудайга тобо кылды. Атасы Тагайга кичине чагынан жоокердик өнөрдү үйрөттү. Тагай олбурлуу бара-бара туурасы өсүп, денеси чымыр тарткан. Башкалар аны тике карагандан айбыкчу. Ал бала кезинен эле өтө шок жана ат жаныбарга өтө жакын болгон. Күлүк ат чаап чабандестик ишке өтө берилген. Атка чуркап келип, үзөнгү теппей секирип минеер эле. Бул жорукту көрүп аялы Бермет:

– Бул жоругуңуз жарабайт, салабаттуу эле үзөнгүнү тээп минбейсизби,-деп жактырбай каткырып күлүп калаар эле.

***

Ыраматылык Агуул эрте кырчын кезинде көз жумуп, Тагай менен Адыгене атадан жаш калды. Экөөнө баш көз болуп Наалы эже жүрдү. Эже эки бир тууганынын тагдырын өтө тынсызданып ойлочу эле. «Тагдырдын соккусуна учурап, жаш немелер жок болуп кетип Агуулдан тукум калбай калабы»– деп жатпайбы. Ошол үчүн Наалы эже турмушка чыкпай «Эки инисин чоңойтом»– деп ак эткенден так этип турчу. «Балтыр бели катып, чоңоюп алса, бой бербейт эле»– деп ойлоочу. Тагдыр ошондой болду. Наалы эже эки инисин «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» чоңойтту. Инилери да акылдуу экен Наалы эженин сөзүнөн чыкпай жакшы бой тартышты. А түгүл экөө кыргыз элин бириктирип, бир эл кылып, бири түштүктө бий болсо, экинчиси түндүктү башкарып, элге арка тирек бел болду. Ал заман Чынгыз хандын урпактарынан калган, азуусун айга жаныган Моголстандын заманы эле. Моголстандын ханы Жунус, анын уулу Ахмад, Халилдер кыргыздары эзип турган каардуу учур эле. Касиеттү Тагай бий элди эзгендерге жек көрүү менен мамиле кылып, жөнөкөй адамдарга арка бел, жөлөк эле деп улама, санжыраларда айтылат.