Выбрать главу

Адамдар:

– Астыда Желдеңдин Актуягы келатат.

– Ал Желдеңдики эмес Бөрүбайдыкы.

– Бөрүбай аны Желдеңден тартып алган.

– Бөрүбай оңбосун ал Желдеңди сыздатты.

– Анын үстүнө кудалары алдуу-күчтүү эмеспи.

Желдей сызган жаныбарлар учуп-күйүп марага жакындап келишти. Ак жоолук байланган чабандестер да ат үстүндө күлүктөргө олбуй-солбуй камчы уруп келатышты. Алар шамал менен жарышып, аттын кулагы менен тең ойноп келатышты. Кыргыз баласы нечен кылымдардан бери жылкы жаныбар менен сыймыктанат. Алдыңкы чабандес атына камчыны удама-удаа уруп, жылкы жаныбар марага өтө жакындап келди. Аны буюрса, чоң байге күтүп жатат. Тагай бий чоң акбоз аттын үстүндө күлүктөрдү суктануу менен карап турду. Өзүнүн Керкашка күлүгү үчүнчү болуп келатат. Ал аттын сырын өтө жакшы билчү эле. «Эмнеге мындай болуп калды» деп ойго батып турду. Ат туягы жараткан чаң улам берилеп келатат. Чаң менен кошо күлүктөр да берилеп келатышты. Адамдардын көзү күлүктөргө тигилет. Бий алдыда сызып келаткан Актуяк жаныбарды кызыга карады. Желдей сызган жаныбарды адамдар келиштирип жакшы таптаган экен. Күлүктөр марага тарсылдата туяк эше учуп-күйүп кирип келишти. Чакырымдар артта калып, жер үстү дүңгүрөп токтобой көчүп турду. Биринчи болуп Актуяк, экинчи Алкожонун Карагери, үчүнчү бийдин Керкашкасы чыгып келди. Өзүнүн Керкашкасынын таптоосу кичине начар болуп калганын бий сезип турду. Бөрүбай келип Актуяктын чылбырын кармаганда Тагай бий таң калды. Бул Актуяк Желдеңдин аты эмес беле. Эмне үчүн Бөрүбай ээ болгон же сатып жибергенби? –деп ойлоду. Ошол Актуяктан бериде ак калпакчан, кара чепкенчен Желдең Актуякты армандуу карап турат. Тагай бий чабандестин көрүнүшүнө боору ооруду. Бий жигити аркылуу Желдеңди чакыртты. Эриндери шамалга туурулуп, жүдөгөн чөөдөй сары, ындыны өчкөн чабандес Тагай бийге басып келип:

– Ассаломалекум бий, жакшы турасыңбы, чакыртыпсыз келдим,-деди башын жерге салып.

– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун күлүгүң Актуягың биринчи келбедиби эмнеге сабырың суз сүйүнбөйсүңбү, жүдөгөн түрүң бар.

– Ал меники эмес.

– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.

– Аны менден Бөрүбай тартып алган.

– Эмне Бөрүбайга карыз белең?

– Жок күлүк менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. Күлүктүн энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.

– Ошол элеби.

– Ал эмес кыраан бүркүтүмү да тартып алды.

– Эмне үчүн?

– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсың,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.

– Ошол элеби.

– Ошол күчкө салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны өчүп турду.

Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:

– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Бөрүбайды.

Көп өтпөй дөңдө турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимдүү кундуз тебетей кийген Бөрүбай да бар.

– Бөрүбай күлүгүң чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.

– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.

Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.

– Ал күлүк кимдики?

– Меники.

– Желдеңдики эмес беле.

– Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.

– Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?

– Сиз бергенсиз Тагай бий.

– Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?

Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?

– Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.

– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.

– Жок Тагай бий       ал атамын жайлоосу болчу.

– Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.

Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.

– Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.

– Бий кечирип коюңуз.

– Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.

– Байкуш Желдеңдин күлүгүн тартып алган тура.

Тагай бий:

– Андай эле кыйын экенсиң калмактар басып алган Үч Кайнар булакты алсаң болмок.

Бөрүбай эмне кылаарын билбей эс-мас боло көзү ала-чакмак тартып, күйбөгөн жери күл болуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды.

Тагай бий каарданып:

– Карапайым элге карабасаң бүт малыңды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.

Эл Бөрүбайдын ач көздүгүн жек көрүп жатты.

Көп өткөн жок алкынган Актуяк күлүктү, бүркүттү алып Бөрүбайдын туугандары Тагай бийге ийлип кечирим сурап келишти. Бий Желдеңди чакыртып: