Выбрать главу

– Эй, атасы жок бала.

– Таштанды.

– Атаң сени таштап мал бакканы тоого кеткен.

– Сен атаңы таап албайсыңбы?

– Атасы жок селсаяк.

Карачоро ушул сөздөрдү угуп балдарды сабап кирди. Кичинекей балдар жеткирбей качып:

– Таштанды.

– Эй, атасы жок таштанды.

– Кыргыз баласы койчунун баласы.

– Атаң сени «бакпайм» деп өз жерине кеткен.

Кичнекей балдардын ата-энеси Карачоро менен урушуп:

– Эй, дардагай кичинекей балдарга эмне тийишесиң.

– Таштанды,-деп жатат.

– Таштанды эмей эмнесиң атаң кайда?

– Таштанды эмесмин.

– Таштандысың Ала Тоого качып кеткен атаңы таап ал!

Айлана ымырт болуп, күн кечтеп калган. Көчөнүн ызы-чуусу небак эле басылып, базарга барган соодагерлер эбак эле чөнтөктөрүнө пулду шыкап, үйлөрүнө кайтып келишкен.

Аялдардан катуу сөз угуп, Карачоро үйүнө барбай кечке шаарды аралап каңгып жүрдү. Аңгыча асмандан алсыз нур таратып жымыңдап жылдыздар чыкты. Бир аздан соң тегерек ай суйкайып, чыгыштан жаадырай калкып чыга келип, тарапка балбылдай нурун таратат. Касиеттүү айдын шооласын баардыгы оронуп жатты. Күндүз кечке сайраган куштар түн ичинде эс алууга киришти. Бир гана бөдөнөнүн «бытпылдык» деп сайраганы кайдадыр бир тараптан чыккан дабышы токтолбой турду. Серүүн жел адырдан түзөңдү карай кыймылын токтотпой желип жортот.

Ошол бойдон тагдырына таарынган бала үйгө кайтпай, шаардын четиндеги чабылган чөптүн арасына кирип түнөп үйүнө эртеси келди.

Зулайка:

– Уулум кайда жүрдүң сени издеп барбаган жерим, сурабаган кишим калбады, санаам санга бөлүнүп капага баттым. Чоңойгондо мени кууратат экенсиң го!?

– Досторум менен ойноп алардын үйүнө түнөп калдым.

Бала кечөөгүңкү окуяны айтып энесинин көңүлүн иренжиткиси келген жок. Бирок кыраакы эне кандайдыр бир оңтойсуз иштин жайын билип турду. Ошол окуя ошол болду.

Күндөрдүн биринде түш ченде Зулайка колуна баштык кармап, базарга бараткан. Сокмо дубалдын артында кандайдыр үндөр чыкты:

– Сен кыргызсың.

– Сени атаң таштап кеткен.

– Кет тооңо кой кайтар биякта эмне жүрөсүң.

– Биз сени оюнга кошпойбуз, атаң ордодо туткунда болгон. Аны Саид хан керек болсо өлтүрүп салат. Ушуларды мага энем айтып берген.

Аял акырын дубалдан башын чыгарып караса, Карачоро бир жакта майда балдар бир тарапта болуп айтышып жаткан экен.

– Кет кыргызыңа.

– Бул жерде эмне жүрөсүң.

Майда балдар Карачорого таш ыргытты эле, ал чуркап барып, бир баланы муштаса, тиги жыгылып ыйлап калды.

– Атама айтам кет кыргызыңа, өз жериңе!

Зулайка каардана кыйкырды:

– Ай, балдар чатагыңарды токтоткула, бул эмнеңер!

– Балаң өзү тийишип жатат.

Аял ачууланып:

– Менин балама жаман сөз айтпагыла!

Балдар чогулуп алып ары чуркап кетишти.

Карачоро катуу ыза болгон окшойт өпкөсү-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлап энесин кучактап калды. Экөө ээрчише базарга барып, эне балага ар түркүн сонун буюмдарды сатып берди. Алар көп жерди кыдырып кайра үйүнө кайтып келишти. Баланын көңүлүндө бир кара так турганын эне туйду. Ал үйүнөн мейиз жеп, анан уктап калды. Анан көптө барып ойгонуп, көңүлү дале бейтап болуп турду. Энеси да андан бетер бушайман болду. Аял ойлонду. «Бул бала ичинен тынма экен. Мени менен мамиле түзөбү же көк беттенип ойлогон оюун бербейби?»

– Карачоро эмне болду балдар менен уруштуңбу?

– Уруштум алар биригип мага каршы чыгып жатат.

– Алар менен элдеш.

– Баары бириксе да мага алдары жетпейт.

«Бул атасын тарткан өжөр неме болот го, мени бакпай атасын издеп кетеер бекен» деп санаага батты.

Зулайка:

– Балдар менен эмнеге уруштуң?

– Аларды мен сабадым, энеке айтчы менин атам кайда?

– Сенин атаң Калимжан.

– Жок ал менин бакма атам, менин атам кыргыз экен, ал эл кайда?

– Алар алыс ыраак жерде.

– Биз жете алабызбы?

– Ат минген киши бир жарым айда же андан көп учурда жетет экен. Аякта тоолор, шаркырап аккан дарыялар, суулар, көлү бар экен анда алтын балык сүзүп жүрөт имиш.

Эне жумуш менен сыртка чыгып кетип калды. Ошондон кийин бала өзүнүн ата теги жөнүндө көп нерсени энесинен сурап билип алды. Дагы бир күнү мындай окуя болду. Бала Калимжанга караштуу болуп жүрбөдү беле. Бир күнү Карачоро оюн менен алаксып жүрүп, дарбазанын эшигин ачык таштайт. Үйдөн эки кой чыгып кетип дарексиз жоголот. Үйдөн чоң чатак чыгып, каарданган Калимжан баланы «Конушуңа кет сенин атаң Тагай бий» дейт. Бала ыйлап эки күн боюу оордунан турбай жатат. Таякеси кечирим сурап жалынат бала ага да болбой коёт. Акыры Калимжан жини келип: