Выбрать главу

Карачоро:

– Эй, бала бери кел, жалгыз токойдо эмне кылып жүрөсүң?

Тиги бала чоочуркай басып келип, үчөөнө салам берди. Анын оозу казыл болуп боёлуп турат. Ачка болгон түрүң бар жер жемишти аябай жеген окшойт. Боюу кыска бечаранын курсагы чедирейип чыгып турат.

Карачоро:

– Жол болсун кайдан токой аралап?

– Айлыбыз бобул токойдон ары тоонун түбүндөгү түзөңдө болчу. Калмак чапкынына учурадык. Атам, энеми туткун катары калмактар айдап кетти. Адамдар жарадар болду, мал-жан таланып калды. Беркилер качып келген баланы көрүп аябай боору ооруду.

– Эми кайда баратасың,-дешти.

– Ата-энем жок кайда бараарымы да билбейм.

– Анда биз менен бол мен Тагай бий атамы издеп баратам, ошол кишиге жолуксак, анан калган иштерди көрө жатабыз.

Чедирейген бала көңүлдөнүп, алар менен кетмей болду.

Үчөө эле төрт жолочу болду эми,

Тагай бийди издеп барат төртөө тең.

Бири үмүт, бири сүйүү, достук анан да

Эрдик деген төрт жолочу жол келген.

Кара аргымактарга эки-экиден бала минип сапар кетип баратышты. Күн чыкты аскаларга булуттар илинип турат. Бийик тоого жакындаган сайын салкындыктын илеби даана байкалат. Ал эми арт жактан чөлдүн илеби уруп турат. Алар бийик тоого жакындап келди. Төрт баланы кара аргымактардын үстүндө келатты. Алар жандай учуп бараткан кузгундарга кайрылды:

– Кузгундар кайда баратасыңар?

– Тарп издеп кетип баратабыз.

– Андай болсо жолуңар болсун издегениңер табылат.

– Биз эч нерсе жебебйбиз, болгону тарп жейбиз. Аны жеп тоо-талааны ар кандай илдеттен тазартабыз. Же болбосо ар кандай жаныбарлардын өлүгүнөн көп оорулар тарап кетмек. Адамдарга жалпы эле жаратылыш энеге ар кандай пайда келтиребиз. А силер кайда баратасыңар?

– Менин Тагай бий деген атам болгон ошону издеп кетип баратабыз.

– Ал тээ береги башын ак кар көк муз каптаган тоо суулары ылдый шаркырап аккан Ысык Көлдүн жээгинде жашайт. Буюрса ал жерге үч күндө жетип каласыңар.

Бул кабарды угуп, «жетүүгө аз калган экенбиз» деп жолочулар аябай кубанып калышты. Алар жол жүрүп келатышты. Адыр менен жүрүштү, шаркыраган суу кечип, колот өрдөп жөнөштү. Токойдун арасына келип жер-жемиш жеп эс алышты. Жаа менен кыргоол атып, куйкалап жешип, курсак тойгузуп, көңүл ачышты.

Жолочуларга салып-уруп эки көк жал чуркап келатты.

Балдар:

– Эй, көк жалдар ээрчишип кайда баратасыңар?

– Улуу тоолор тараптан келатабыз, суур аңдып желип-жортуп жүрөбүз, өзүңөр кайда жол алдыңар?

– Мен Тагай бийдин баласымын ошол атамы издеп баратам.

– Анын конушуна бир күндүк жол калды. Бобул белден өтсөңөр шаркырап аккан кашка сууга жолугасыңар, ошону өрдөп жүрүп отурасыңар, анын конушуна түз эле кирип барасыңар. Төрт жолочу канча жол басты жолдун оорчулугу артта калыптыр. Алар асман тиреген тоолордун ортосундагы бир тар капчыгайды ашып чыгышты. Тоонун таза жели аркырап уруп урду. Төрт жолочунун көңүлү ачылып, канатчан аргымактардын үстүндө каалгый абада учуп баратышты. Балдарга мелтиреп күнгө чагылышып, касиеттүү көл көрүнүп турду. Каз, өрдөктөр каркылдап, үн чыгара баркылдап сүзүп жүрүшөт. Бийик камыштардын арасында күрүлдөп жолборстор жойлоп чыгат. Токойдо марал, кийик, бугу батпайт. Эки жагында аркайган бийик тоолор. Чамына көлгө куюп жаткан дайралар. Көлдүн үстү толо суу куштары. Жарыктык көлдө түркүн балыктар арасында күн нуруна чагылып, адамча сүйлөп алтын балык сүзүп жүрөт. Балдар бул жердин кооздугун көрүп таң калгандыктан ыйлап жиберишти.