– Силер кайдан келдиңер жолочусуңар?
– Биз түндүктөн Миң Суу өзөнүнөн токой арасынан келдик.
– Анда кимсиңер?
– Кемжет өзөнүндө биздин улуу дайрабыз бар. Кыргыз уруусунанбыз.
Суроо берген киши таң кала:
– Кыргызсыңарбы?
Хан кыргыз деген сөздү укканда жандана кетип, Олебектин кишилерин таң калуу менен карап калды. Кебетеси «Кыргыз» деген сөздү ал бир жерден уккандай элес берди.
Тилмеч айтты:
– Шибелерсиңерби?
Олобек жандана сүйлөдү:
– Ооба шибелербиз.
Хан бир пастан кийин:
– Ии шибелер деген элди уккам, баатыр эл турбайсыңарбы,– деп Жучу жандана түштү.
Кыргыздар хандын оозунан бул сөздү угуп шердене калышты.
Тилмеч:
– Токой адамдары.
–Токой адамдары.
–Эмнеге келдиңер эле?
– Улуу урматтуу Темүчүн ханга кошулалы деп келгенбиз. Жеңилгисардактуу Темүчүндүн осуяттарын чын дитибизден аткарабыз,– деп Единал жобурап айтты.
Котормочу бул сөздөрдү бат-бат которуп берип жатты.
– Улуу даражалуум мархабат этсеңиз алыс жерден алып келаткан белегибиз бар эле, ошону сизге берип койсок кандай болоор экен.
«Белек» деген сөздү укканда баардыгы жандана түштү.
Хан котормочу менен үч кишини ээрчитип, бир чоң чатырга келишти. Ал жерди да кайтарып турган сакчылар бар экен. Хан сакчыларга бир сөздү айтты эле Чатырдан үч киши чыга калып, ханга жүгүрүп келишти. Жучу Олобекти жылмаюу менен карады. Олобек түшүндү окшойт белектерди ханга берип жатты. Хан ал белектерди ыраазы боло алып, береги жигиттерне табыштады. Жучу баардык белектерден акбоз атка таң калды. Жаныбардын чекесинде сүрөтчү түшүргөндөй кара сызыкча жана жалы, куйруктары кап кара аргымак эле. Ага укмуш зергерлер жасаган алтын ээр токулган Жучунун адамдары акбоз аттын чылбырын кармаганда жаныбар кыргыздарды карап «Мени кайда берип жатасыңар?»– деп зээнди кейите армандуу кишенеп жиберди. Кыргыздар атты карай албай жерди карап калышты. Андан кийин кыргыздар усталар жасаган кылыч, калкан, найза, жааларын беришти. Жучу албарс кылычты кармап абага ары-бери булгалактатып көрдү. Жарыктык кылычтан «Зың, заң» эткен кайратту үн тарапка угулуп турду. Хан кылычтын кынын колу менен кармалап таң калды. Анын өңүндө кызыккан белгилер пайда болду. Ал тилмечти карап, бир нерсени айтты. Тилмеч:
– Булар темирден жасалды беле?
– Жок касиеттүүм, ал ободон теңирим түшүргөн таштан жасалган.
Хан бул сөзүн маанисине түшүнгөн жок. Өз алдынча бир нерселерди кобурап басылды.
Котормочу:
– Бизде мындай кылычтар жок демек силер бизге курал жарак жасап берет турбайсыңарбы,– деп кубана жылмайды.
Андан кийин Хан жааны кармалап көрүп жатты. Жааны жебеси менен кыргыздын укмуш усталары жасаган эле. Аны көрүп хан таң калды. Бир жебени кармап асманга атып көрдү. Жебеден зыңылдаган үн чыгып алыска узап көздөн кайым болуп жоголду. Анын каякка кеткени да белгисиз болду. Кытайдын жибек шайысына оролгон ак боз аттын башы куюп жазалган алтынды Единал Жучуга карматты. Жучунун жанындагылар алтында көргөндө укмуш нерсени көргөнсүп көздөрү чачырап жатты. Эң аягында касиеттү булгундун терисинен жасалган ичкти Жучунун үстүнө жаап, башына кундуз тебетейди кийгизишти. Хан кадимки эле кыргыз ханына окшош болуп калды. Ичик менен тебетейди кыргыз эне уздары укмуштуудай ченегендей жазашыптыр. Жучу өз кебетесин көрүп аябай ыраазы болуп, жаадырап күлдү. Беркилер да кошо күлдү. Эми куш тапшыруу аземине келди. Жучу жанында куштун кол кабын кармаган дөөдөй болгон эки мүнүшкөр турган эле. Алар кол капты Ханга беришти. Хан кол капты кийип кушту алганга аракет кылды. Жарыктык ак куш «мени кимге берип жатасыңар»-деп аянычтуу шаңшып жиберди. Хан жакшы көрүп касиеттүү кушту башынан сылап эркелетип аны узакка таң калуу менен карап турду. Экинчи кара кушту да тапшыруу ушундай абалда болду. Кара кыраан ханга көп каршылык кылган жок. Хан аны көпкө карап жаадырай эркелетип турду. Хан куштарды мүнүшкөрлөргө берди алар кушту алып бир жакка кетишти. Баардык белектерди хан ыраазы болуу менен алды. Жучу баардыгынан кыргыздын курал жарактарына таң калды. Кан күсөгөн монголдор кыргыз усталарын курал жаракты жасатып ал монголдун жоокерлеринин колуна тийип, далай жерге бүлүк салаары азыр эле белгилүү болуп калды.