Выбрать главу

– Атаңын көрү Көлөйдүн айтканы туура чыкпадыбы, Тоң тарапка көчүп кеткенде эмне? Майда малдын баары кырылып калды. Эми чиедей балдарымы кантип багам,-деп каңырыгы түтөп кейиди. Ал кезде ата жаңы эле үйлөнгөн болчу.

Анын кыштан семиз багылган үч бээси, эки аты, үч уюу, анча-мынча коюу аман калды. Баягы бир короо саан койлор, семиз ириктер, шаа мүйүз эчкилер кайда? А түгүл далай бодо малын дагы ызгаар суукка берип отуруп калбадыбы. Баягы түздүктү каптаган малынан такыр колун жууп кейип жүрөт. Дагы кудайга тобо! Бирин экин малы бар балдары кымыран ичсе да жашай берет.

Бирок кыш катуу болгон менен жаадырап жаз эрте келди. Жалган куран айынын ортосунда аба жылымык тартып, калың кар ала-шала эрип, өзөндөрдүн нуктары, муз менен карга толуп шарактай, жайылманын баарын тентек сууга толуп кетти. Чын куран айынын башында түштүктөн салам берип, жылкычы чымчык, кара чыйырчык бутттарына жаз байланып, ашыга учуп келишти. Саз жерлерде, аңыздарда буу көтөрүлүп, аба нымданып, туман пайда болуп, жылымык тартты. Булут каптап турганда күн жылуу, ал эми булуту жок ачык кезде чыкылдап караандай сууктун согуп турганын айтпа. Кар алдынан чөптөр менен өскөн назик гүлдөр көрүнө калып жатты. Көл үстү менен айлана учуп, канат күүлөй, аккулар машыга улуу сапарга даярданып жатты. Алар айланага коштошуу ырын ырдап жаткандай. Бат эле көк чөп өнүмдөп кой, эчкилер көк чөп кууп кирди. Баястан атанын ошол кыштан аман калган кара бээ менен кула бээси бар эле. Жылкы тукумуна ынак кыргыз баласы айтты:

– Теңирим колдоп эки бээм аман калды, ушулардын сүтүн ичип, балдарым ачка болбой, жашоосун улантып кетет,– деп ата сүйүндү.

Ата бирин-экин малын карап, балдарынын жашоосуна көңүл буруп, кечке көр-тирлик менен алек. Анткени менен балдары бой тартып кыйынчылыкка моюн бербей чың кайраттуу болуп чоңоюп келатты. Кыздары ийдиш-аякка аралашып, тамак бышырып, ары боорукер, ары кичи пейил эле.

Ошол жылкы жуттан көп мал кырылып калды. Малы жок эл уурулук кыла баштады. Ата балдарын жокчулукка учурап калбасын деп бирин-экин малына көз салат. Анын малы уйлары жана эки жылкысы ары сазда жайылып жүрөт. Ата аларды дайыма карап, боз үйлөрдүн жанына жакындатып айдап келип көз салып турат. Ошол бир күнү саз жакты эрте туруп караса балакет болуп, жылан сыйпагансып, эки бээсинен дарек жок. Ата жеерде быштысын мине сороктотуп, ары чапты, бери чапты кула бээ менен сары бээден кенедей да дабыш билинбейт. Жылга жакка сиңип кеттиби деп, жылганы карай чапты, андан таба албады. Адырга карай сиңип кеттиби деп адырга карай сороктоп чапты, мындан арга болбоду. Кула бээ менен сары бээ табыла койбоду. «Эки бээни көрдүңбү» деп карыдан сурады «жок» деди, жаштардан сурады аларда «жок» деди. Ошентип «көрдүм» деп эч кимиси айтпады. – Атаңын көрү эки бээм кайда сиңип кетти,– деп Элебай өтөктөн Элебестин өтөгүнө чейин жылганы сыдырып, талааны кыдырып баарын карап чыкты. Мында да табыла койбоду. Курган Баястан атаны аяп тааныштары аябай кейип турду. Акыры алар бул ишти ууру колдуу болгонун шекший билип калышты. Алыбек, Көлөй, Язбек из чалып, жер-жерди кыдырды. Балдарынын ичинен Язбек кыраакы эле:

– Кула бээнин изи жөнөктөн ары түзөңдү карай кетиптир. Аны денесинен чыккан тезеги айтып турат.

Алыбек:

– Язбек туура айтат эки бээнин изи саяк уруусунан тараган Алдакенин үйүнө келиптир. Анын короосунун жанында жылкынын жаңы тезеги бар экен.

Эки бала Алдакеге кайрылып турду:

– Алдаке аба, кудайдын буйругу менен атамын сары, кула бээси бар эле биз ошол эки малды жоготуп жатабыз. Из сиздин үйүңүзгө келиптир.

Чөөдөй сары, жеерде сакал Алдаке эч нерсени билип, көрбөгөндөй айтып турду:

– Ал эмне бээнин изи экен таң билбейм. Көп эле жылкы ары чубайт, бери чубайт, бээңердин белгиси же бутунда баскан изинин белгиси бар беле?

– Ообо эки бээбиз жоглуп жатат, -алар баштыкка сала келген жылкынын тезегин көрсөтүп.

Чөөдөй сары жээрде сакал киши күлүп:

– Бул эмне жоголгон бээңин богубу, эмне жыттап көрүп богунан тааныдыңарбы, же силердин жылкыңар башка малга окшоштпой башкача бокточу беле,– деп дагы күлүп калды.

Язбек жини келип:

– Алдаке, аба андай дебе энем жок бөбөктөрүм жаш, бээни бериңиз, бербесеңиз бийлерге даттанабыз.

– Андай дебе уулум, мен уурумунбу, далилиңи айт.