Выбрать главу

– Далилим ушул из сиздин үйүңүзгө келиптир изи турбайбы.

– Сезсең сезе бер, көп эле жылкы ары чубайт, бери чубайт, мен сенин жылкыңы кайдан билем.

Язбек менен Алыбек Алдакенин үйүнө кирип аңтарып карап жатып, жаңы союулган этти кабы менен сууруп чыкты.

– Бул эмненин эти.

– Ой, ал менин жээрде атымын эти аны элдин баары билет.

Эки бала дагы үйдү толугу менен аңтарып-теңтерип чыгып болгон эттин баарын алып үйүнө карай кетишти. Алдаке кол салып сабайын, деди эле анын таягын Язбек жулуп ары ыргытты. Эки бала Алдакенин жоругуна аябай ыза болуп калышты.

Андан кийин он күн өткөндө Алдакенин бир семиз өгүзүн этин ташка корумдап, билдирбей Баястандын балдары жеп жатышты. Алдаке кашка атын алчактата желдирип, «ким колдуу болду» деп жердин астын бир сыдырып, жердин үстүн бир сыдырып карап жатты. Акыры кашка атын камчылай желдирип отуруп Баястан атанын балдарына жетип келди:

– Жогумду бергиле, силер эле колдуу болду окшойт.

– Биз эчтеке билбейбиз өгүз эмес өгүздүн жампасын да көргөн жокпуз.

Алдаке:

Силер эле колдуу болду, бийге атып айбыңарды үч эсе тарттырам,– деп үйүнө карай узап кетти. Алдаке чапкылап отуруп болгон окуяны бийге барып айткан экен.

Бий Баястан атаны чакырып:

– Алдакенин өгүзүн союуп алганың чынбы?

– Бий аке аялым кайтыш болуп, жети бала төрт кызды бага албай жаңы үйлүндүм эле, жүдөп жүрөм, бобу ак көйнөгүм кап-кара кир болду,– деп кир баскан көйнөгүнүн жакасын көрсөттү.

Бийдин көңүлү турмуштан чарчаган Баястанды аяп турду.

– Аялыңын каза болуп кайра жаңы үйлөнгөнүң ал да тагдырдын буйругу жана балдарыңы кор кылбай жакшы бак. Алар эртең эле боорун жерден көтөрүп, малыңы малга, жаныңы жанга улайт. Сени эми эч ким айыптабайт, саяк Алдаке өгүзүн башка жактан издеп таап алат, – деп чечим чыгарды.

Бий дагы мыскылдуу күлүп:

– Турмуштун оордугунан ак көйнөгүң кара көйнөк болуптур. Сени Беккулунун тукуму деп, атайлы, ага кошуп «Кара көйнөк» деп аталасың,– деди бий шаттуу күлүп. Бийдин жанындагы старчын, жасоолор баардыгы тең жыргап күлүп жатышты. Ошондон баштап Баястандын тукумдарын ал жердеги эл атынан айтпай «Кара көйнөк» деп чакыра башташты.

Баястан ата балдарын карап:

– Уулдарым турмуштун айынан «кара көйнөк» аталдыңар,-деп каткыра күлүп калаар эле.

Бул ысым жеке эле Бүтөбай атанын балдарына берилбестен жалпы Беккулу атанын тукумна берилип эркелеткен кошумча ат болуп калган экен.

Унутулбай улам айтылат,

Кара көйнөк атыбыз.

Бирөө бизди чакырса,

Бийиктей түшөт даңкыбыз.

Канча заман көп өттү,

Кылым сызып, ай жылаар.

«Кара Көйнөк» деп аталган

Качанкы өткөн бабалар.

КӨЛӨЙ

Көлөй жети бир тууган,

Көлдөй болуп толкуган.

Ортоңку айыл тараган,

Ордосу кеңип байыган.

Орустардын келиши менен кыргыздар башка жактарга сүрүлө баштады. Падышачылык Россияда Столыпиндин реформасы деген пайда боло баштады. Анын буйруктары жасаган иштери, айланасындагы бүтүндөй элге таасир берип жатты. Орус элинин алдыңкы көз караштагы адамдарын башка жерге көчүрүүнү ишке ашырып кирди. Алардын негизги максаты башка жерге орустарды көчүрүп барып, Россиянын аянтын кеңейтип, алсыз аз элди өзүнө каратып, алуу болгон. Чын эле ошондой болду. Эзели орус буту баспаган жердин баары Россия өлкөсүнө көз каранды болуп калды. Столыпиндин реформасы кыргыздарга да таасирин алып келди. Кайсы учурда Түптүн айланасын да, андан берки Ак Суу жеринде орус бар эле. Бул жакка орустар келип отурукташа баштады. Караколдун айланасындагы Түп, Ак Суу аймагындагы кыргыздарды Нарын, Ат Башы, Ак Талаа жана башка жерлерге көчүрүү маселеси башталды. Каракол шаары борбор болуп, генерал губернаторго баш ийип калды. Орустар кыргыздарга каршы катуу эзүүнү киргизип кирди. Губернияда иштеген кыргыздар орустарга көз каранды болуп, алардын айткандарын кыңк этпей аткарып жатты. Ошолордун бири кадики Тилекмат акенин баласы Чыныбай болду ал Караколдо жер иштери боюнча иш жүргүзүп жаткан. Түп, Ак Суу тараптагы кыргыздарды алыс жакка көчүрүү башталды. Алдуулар калып, алсыздар көчүп кирди. Белек баатырдын тукумдары аларга каршы болуп, моюн бербей койду. Төрөкочкор атанын тукумдары жана Тынымсейит атанын тукумдары алыс жакка кетиш үчүн түбөлүк туруктуу жер издей башташты. Куржун атанын тукумдары Кичи- Жергес, Чоң Жергес жерин мекендеп турган алардын түбөлүктүү турагы ушул жер болмок. Бирок тагдыр бизди алыс жакка айдап сүрө баштады.

Биз эми бул баяныбызды токтотуп Көлөй атанын анча-мынча баянына кезек бере кетели. Калган баяндарды анан айтып берелик. Көлөй ата чоңоюп калганда биздин бабалар Ак Суудан сүрүлүп отуруп Жети Өгүзгө келишти. Ошентип алардын турмуштары ушул аймакта өтө баштады. Ушундай капсалаңдуу учурда Беккулу атанын тукумдары бир-бирине жардамдашып ынтымактуу жашап келишти. Тогу арыгына жардам берип, биригип жашоого аракет кылышты. Көлөй эс тартып үйлөнгөнгө убактысы жетип келатты. Баястан ата Көлөйдү жакшы көрчү анткени ал бир сөздүү келип, айтканын аткараар эле. Жана бир нерсени көркүнө чыгара жасоочу. Ар бир ишти жасап жатканда шашчу эмес. Комузду көркүнө чыгарып, кубулжута чертчү. Комуз, бешик, ээр боз үйдүн жыгачтарын жасап элдин алкышына нечен ирет ээ болбодубу. Анысы аз келгенсип, күлүк таптап, куш салганга ылайыктуу саяпкерлик жана мүнүшкөрлүк сапаты да жетиштүү болчу. Ал эртең менен апак-шапак маалында туруп, кечке чейин тынбай кибиреп иштей береер эле.