Күн ачык болуп теребел жашарып айлана эң сонун болуп турду. Бул жерге кээде-кээде гана нөшөрлөп жамгыр төгүп кетип, анан кайра ачылып кетет. Кечинде күн алоолоно батып, эртең аба ырайы ачык болоорун билдирип турду. Ушул күндөрдө Көлөй жыгач жонуп, ар кандай буюмдарды жасап башкаларга берет. Анын денеси ар кандай жонулган жыгачтын күкүмү болуп жүрөөр эле. Айланадагы эл Көлөйгө бешик, комуз, соку, сокбилек,кашык, чыны жасап бер деп келе берген.
Бир күнү аны ошол жердин байы Алдосбайдын баласы үйүнө чакырып келди. Алдосбай ошол жердин даңазалуу байы эле. Өз жумушун бүткөрүп, Көлөй анын үйүнө кечке жуук келди. Байдын үйү түзөң жерде жаратылыштын көркүн чыгарып аппак болуп турат. Көлөй байдын байлыгынан жана өзүнөн сүрдөп «мени эмнеге чыкырды»,-деп ар кандай ойлорду ойлоп анча жактырбады. Ал тартынбай эле чоң боз үйгө кирип келип байга ийлип салам берди. Бай Көлөйдү жактырып жанына отур,-деди. Бай Көлөй менен ар кандай окуяларды аңгемелиш отурду да, анын «Ортончу балам бар эле ошонун аялы төрөп, ага бешик жасап бер»,-деди. Көлөй ошону менен үйүнө кетип ал бешик жасоонун камылгасына киришти. Ал токойду аралап, керектүү жыгачтарды таап араалап үйүнө алып келип, балта менен жонуп жасоого киришти. Аны жасоо оңойго турбады, бир топ тер агызып эмгектенди анткени ал жөнөкөй адам эмес экенин түшүндү. Акыры бешик эң сонун жасалып бүттү. Оймо-чиймеси менен жасалгаланды. Аны терметкен эне ошол эле бешикти карап тургандай болду. Көлөйдүн энеси Акбала өтө ишмер, өтө акыл эси тунук жакшы ургаачы эле. Көлөй атын минип, бешикти өңөрүп, Алдосбай байдын үйүнө келди. Эшиктен аны жигиттери тосуп алды. Бир жигит бешикти көтөрүп, Көлөйдү үйгө киргизди, үйдө эки келин байдын байбичеси отурган экен. Бешикти көрүп бай сүйүнүп кетип:
– Ой, эң сонун жасалган тура, оймолору да өтө көөз экен, деги сен жыгач менен качантан бери илешип жүрөсүң?
– Мен эң биринчи коргошун куюп ийик жасоодон баштагам, анан комуз, анан барып боз үйдү жыгачтарын жасай баштадым, азыр баарын тартынбай эле жасай берем.
– Сен комуз жазасаң, комуз да черте алат турбайсыңбы?
– Ооба комузду көп эле аш- тойлордо кыз узатуу жерде чертип ырдап жүрөм.
Ошол кезде Алдосбайдын эки кызы боз үйдүн ичинде отурган эле экөө тең бир-бирине окшош сулуу кыздар экен. Аларга Көлөйдүн көзү чагыла түштү. Кыздар да Көлөйдү жактыргансып калды.
Алдосбай:
– Кана эмесе андай болсо, бизге комуз чертип берип көңүлүбүздү ач, – деп жүктүн бурчундагы комузду алып Көлөйгө берди.
Көлөй комузду бир сыйра байкап карады да, анан кулагын толгой шыңгыратып черте баштады. Анан бир кезде кулагын толгоп бүтүп, чоң күүлөрдөн чертип кирди. Үйдүн ичиндегилер тымтырс бир гана комуздун күүсү. Комуз үнү ай-ааламга кербен тартып кеткен кербенчидей алыска кетип бараткан жолочуларды элестетсе, бирде мал айдап бараткан адамдын элесин берет. Бирде түзөңдө ыргалган назик гүлдүн элесин даана берсе, бирде назик булактын шылдыр үнү чагылат, бирде жаап жаткан жамгырдын үнү угулса, бирде баланын назик добушу жаңырат. Бир паста күү чертилип бүттү. Үйдөгүлөр тымтырс мемиреп отуруп калды.
Сөздү бай айтты:
–Ырахмат балам комузду бабына келтирип черттиң, сен бул күүнү кимден үйрөндүң эле.
– Атам жакшы күүлөрдү чертет ошондон үйрөнгөм. Андан башка күү черткен комузчулар бизде көп эмеспи.
– Жакшы, жигитти өнөр сактайт деген кеп бар эмеспи.
Ошол кезде боз үйдүн эшигин бери туурда отурган эки кушту көрдү.
Көлөй куштарды көпкө карап калды.
– Беркиси, жүнү жылтылдап турат куштун кырааны ителги тура, мунун кармалганы канча болду, жаш эле окшойт үндөккө жакында эле келиптир, шумкардан шумкар туулбайт, ителгиден шумкар туулат,-деп кадимки мүнүшкөрлөрчө кеп куруп кирди. Алдосбай балага суктанып:
– Мүнүшкөрлүк жайың да барбы дейм?
– Ооба ата чоң атам чоң мүнүшкөр эле. Ал куш салганда жанына ээрчип алчумун. Кийин атамын кушун өзүм салып жүрчүмүн.