– Кичине басып келбейлиби.
– Мели эс алса, эс алып келели.
Экөө ээрчишип алып арыдагы суу жээгиндеги талдардын жанына келишти. Тоонун кичине суусу шылдырап агып жатат. Кереметтүү айдын толгон учуру. Жердеги чөптө айдын күмүш нурлары ойноп жатат. Арыда өскөн талдын жанында шылдырап булак агып, айлуу түн жаштарга кандай керемет. Айланада жаштардын үнү шаңк этип чыгып жаткан кыз күлкүсү. Көлөй менен Эркеайым эч нерсени сүйлөшпөйт эмнегендир бир-биринен сүрдөп жаткан шекилдүү кыздын жүрөгүнүн түрсүл какканы жигитке угулуп жаткансыйт.
– Үшүгөн жоксуңбу,-деди жигит.
– Жок үшүбөй эле турам.
– Түн жылуу болуп турат.
– Ооба, мындай айдын чыкканын биринчи жолу көрүп турам.
Көлөй күлүп:
– Мен биринчи жолу кыз менен айлуу түндө жолугуп турам.
Экөө тең кыраан каткы күлүп калышты.
Кыз күлүп, оң ийни жигиттин денесине жабыша түштү. Жигиттин боюу бийик колу-буту шадылуу эле, ага жараша кыз дагы ошондой болчу.
– Кечке туруп чарчап кеттиңби, жүрү тетиги жалпак ташка отуралы.
Экөө отурушту. Таш муздагыраак экен.
– Денеңе таштын муздактыгы өтпөйбү?
– Жок жылуу эле экен биз бир азга эле отуралы.
Алар жакын отурушту. Эки дене бир-бирине тийип ортодо кандайдыр бир жалын жанып жаткансыды. Ал экөө ушул жерде жанаша узакка отура бергиси келди.
Бир кезде ары жактан кыздын жаңырган үнү чыкты:
– Ой, комузчу жигит барсыңбы кайда кеттиң?
Экөө ылдам туруп, боз үйгө карай басышты.
– Ой, эмне кечиктиңер же үйлөнүп алдыңарбы?
Ал жерде турган жаштар жапырт күлүштү. Экөө адымдай той өтүп жаткан жерге келишти.
Ошентип той шааниси эң жакшы өттү.
Ушул түнү Көлөй менен Эркеайым биринчи жолу ай чыккан түнү жолугуп, биринчи жолу бетме-бет кезикти. Ушул түнү Көлөйдүн ыры анын черткен комузу айланага сүйүү ыры болуп жаңырды. Ушул түнү Эркеайым назик сүйүү ырын айланага созду. Ушул түнү береги эки жаштын кереметтүү тоюу болуп жатты. Ушул түнү жашоо да, сүйүү да токтобой уланып жатты.
***
Көлөй бул жерде өзүнүн жашоосун жакшы өткөрүп жатты. Кечке жаны тынбайт, же жыгач менен иштейт, же куш таптайт. Анын мурун эле жакшы көрүп келген бир иши бар эле ал күлүк таптоо.
Күндөрдүн биринде ушул жердин бир Аладакы деген бай кишиси бар эле ошого уук, кереге жасап берди. Аларды эң сонун келиштирип жасады. Бүткөндөн кийин Аладаакы карыя,– Кана уулум эмгегиңе эмне аласың,– деп тигиле карады. Аладаке бул жердин орточо байы эле. Көлөй ойлонуп калды да.
– Камбар ата тукумунан кайрылсаңыз болот эле,– деп башын жерге салды.
– Анда бир бээни кулуну менен ал.
– Мели байым, айтканыңыздай болсун.
– Тигине жылкылар турат барып тандаган бээңи ала бер,– деди.
Көлөй жылкыларды эки үч жолу аралап, акыры бир тайды, анан бир бээни алмай болду.
Ал байга келип:
– Байым мага бир тайыңыз жана бир бээңиз жагып калды,– деди.
Бай экөө жылкычларга басып келди. Көлөй жылкы менен тайды көрсөттү. Бай ойлонуп калды да:
– Кулундуу бээ албай калдыңбы, мейли тиги тайдын энеси эки-үч жылда анда-санда тууйт бирок кулундары күлүк болот. Ал эми бээ дайыма жорго кулун тууйт, ай болбостур, «Кара көйнөк» тукуму тандаарын тандапсың эми ала бер, бирок менин жумушум чыгып калса, дайыма бүткөрүп бер,– тандаганыңы алып кете бер,– деди.
Ошентип Көлөй тайды чоңойтуп аны күлүккө таптап жатты. Жаш болсо да чабандестиги бар эле, анан ага күлүк да жарап берди. Чукулда саруу уруусунун байынын ашында күлүгү чыгып келип элүү кой, эки бээ байге алды. Ал ошентип акырындык менен байлык топтой баштады. Бээси чукулда кулун тууп анысы чуркаса жорголоп чуркап артынан чаң чыгат. Ага эми бир гана үйлөнүү жагы калды. Ал өзү жакшы көрүп калган Эркеайымга көп жолу жолукту, Эркеайым да сага турмушка чыгам деп убадасын берди. Алдосбайга далай адамдар куда бололу деп келди. Бирок убадасын берген жок. Анткени анын кызы Эркеайым «мен турмушка чыксам Көлөйгө гана чыгам»,– деп туруп алды. Бай аялына нааразы болуп айтты:
– Ой бул кыз жыгач жонгон жардыга жармашып алды, быякта байлардын баласы турса, ушул жардыдан эмне чыгат. Жыгач жонуп отуруп бул качан байыйт.
– Бул карабет кыз айтканын бербейт андан көрө ошого турмушка берели, бирок бала да ары өнөрлүү ары эмгекчил экен буюрса, бат эле байлык чогултчудай болуп жатат. Ушул жагын ойлойлучу,-деп аялы орундуу сөздү айтты.
Бир аз убакыт өттү Эркеайым айтканынан кайтпады. Акыры ата кызынын айтканына макул болду. Ошентип замандардын заманында, жылдардын бир жылдарында Көлөй менен Эркеайым баш кошуп жашоонун ак жолуна аттанган экен. Ошол иш ошол болду. Андан башкача болгон жок.